«МСН суббота» гезити ушул кезде миңдеген студенттер эч кандай каттоосу жок көрүнгөн батирлерде турушарын, бирок өткөн шайлоолордун биринде күтүүсүз жерден алардын добушун «жыйнаш» үчүн жапырт студенттик жатаканаларга каттай салышканын, ушундай эле ыкма так эсебин эчким айтып бералбай турган эмгек мигранттарына да колдонулуп жүргөнүн, демейде эчким деле көңүл бурбаган мигранттар шайлоо болгон сайын шумдуктай «активдүүлүктөрүн» көрсөтүп, түп көтөрө Мекенине «келип» добуштарын «берип» кетишерин жазат.
«Агым» гезити экс-депутат Камчыбек Ташиевдин Сузактын Барпы айыл өкмөтүндөгү он чакты жактоочусу Жалал-Абадка чейин келишип, эмнеликтен Ташиевди «Акжолдун» тизмесине киргизбейсиңер деген маселени койгондо, партиянын облусутук бөлүмүнүн башчысы Ашырбек Токоев, аны партиянын курултайы чечкен деп жылуу-жумшак узатып койгонун…канча жылдан бери башын уурдатып жиберип башы жок келаткан айтылуу акын Жоомарт акыры баштуу болгонун, 1-январдан тартып наркы 1,10,50 тыйындык металл тыйындар, наркы 1,3,5 сом болгон металл сомдор жүгүртүүгө киргизлгени жатканын маалымдады.
«Жаңы ордо» гезити, президенттин бийлигин күчөткүбүз келсе парламентте оппозициялык партиялардын өкүлдөрү көбүрөөк болушу керек, ошондо гана аткаруу бийлигине катуу көзөмөл орнотулат, деп айткан белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун сөзүн, дагы бир коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловдун алдыдагы шайлоодо кандай болгон күндө дагы бийлик уюштурган «Акжол» партиясы биринчи орун аларын, анткени аларга алдын ала даярдалган жеңиш чөнтөктөрүнө эбак эле салынып коюлганын айткан интервьюсун жарыялады.
«Заман Кыргызстан» гезити Кыргызстандын көпчүлүк телеканалдарынын тилине токтолуп, мисалы Оштогу «ОШ ТВ» жана «Мезон» телекомпанияларынын тили кыргызча болбой жатканын, 90 пайызы өзбек тилинде экенин, ошол эле учурда Өзбекстандагы кыргыздар Кыргызстандагы өзбектердей укуктарга ээ эместигин, кыскасы түштүктөгү телекомпанияларда көрсөтүүлөрдүн 50 пайызын мындай кой, кыргыз тилиндеги көрсөтүүлөр 20 пайызга да жетпей калганын жазып чыкты.
«Аалам» гезити Эларалык өнүгүү жана саясат агенттигинин жетекчиси Аликбек Жекшенкулов менен аңгемелешкен. Жекшенкулов мырза 0,5 пайыз деген тоскоолдук элди бириктирбей эле кайра бөлүп-жарат, маселен бир партия түндүктөн 60-70 пайыз добуш алып, түштүктөн ала албай калса не болот? Бул деген карама-каршылыкты күчөтөт. Азыртан эле балит технологиялар күч алды. Чет өлкөлөрдөн келип кеп-кеңеш берип жаткандар Кыргызстандын өзгөчөлүгүн, элдин менталитетин билбейт, ички абалын таразалабай эле күчкө сала баштады деп айтты. Ушул эле санда кыргыз уулу Урмат Барктабасовдун «Келечегиңе сак бол, Кыргызым!» деген көлөмдүү макаласы жарык көрдү.