Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

БЭЭЖИНДИ ЛОНДОНГО ТУТАШТЫРГАН ТЕМИР ЖОЛ КУРУЛА БАШТАДЫ


Аким Өзгөн, Стамбул Шаршемби күнү Грузияда, Борбор Азияны Европага байланыштыра турган темир жол cистемасынын пайдубалын салуу аземи болду.

Шаршемби күнү Түркиянын, Азербайжандын жана Грузиянын президенттери, Абдуллах Гүл, Илхам Алиев жана Михаил Саакашвили Грузиянын чыгышындагы Марабда шаарчасында, басма сөздөрдө баа берилип жаткандай, Кытайды Лондонго туташтыра турган, стратегиялык мааниси чоң “темир жибек жол” долбоорун куруу жумуштарын баштоо аземине катышышты.

Үч президент келечектеги муундардын дарегине арнап жазылган бир катка кол коюшуп, аны капчыгы менен бирге символдуу түрдө долбоордун пайдубалына жайлаштырышты.

Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбооруна 420 миллион $ чыгымдалуусу күтүлөт жана бул долбоордун чеги ичинде Грузиянын жеринде 29 чакырым, Түркияда 76 чакырым темир жол жаткызылат.

2008-жылдын аягында бүтүрүлүүсү пландалган темир жол жылына 5 миллион тонна жүк ташуу жөндөмүнө ээ болот.

“Бул долбоор Бакуну Түркиянын Карс шаарына байланыштыруу менен эле чектелбейт. Ал Кытайды Лондонго туташтырат” деп темир жолдун маанисине басым жасаган Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Кытайдан сапарга аттанган поезддер Каспийдин кылаасын бойлоп Бакуга, андан ары Тбилиси жана Карс аркылуу Стамбулга келишээрин, ал жерде Босфор кысыгынын астына салынып жаткан суу асты туннелден өтүп Европага, ал жерден Манш туннелин өтүп Лондонго барышарын билдирди.

“Биз бул жерде иш жүзүндө тарыхтын агымын алмаштыра турган чоң бир долбоорду ишке ашыруудагы бир кадамды таштап жатабыз” деди Гүл мырза.

Грузиянын президенти Саакашвили дагы долбоордун стратегиялык маанисине басым жасады.

“Бүгүн тарыхый күн. Биз чоң жибек жолду кайра тирилте турган бир темир жолдун курулуш жумуштарын баштатып жатабыз” деп баяндаган Грузин жетекчиси, курула турган темир жолду ‘гео-саясии революция’ катары баалап, бул жол өлкөсү үчүн Европага ачылган терезе болорун айтты.

Экономикасы дээрлик мунай жана газ экспортуна таянган Азербайжандын президенти Илхам Алиев болсо, бул темир жол багыты өлкөсү менен Грузияны дагы күчтүүрөк, дагы эркинирээк өлкөлөргө айландырарын билдирип, долбоорду аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдөгү олуттуу кадам катары баалады.

Бул темир жол, мунайга бай Азербайжан менен Орто Азия жумуруяттарын Түркиянын жана Европанын базарларына байланыштырган бир катар долбоорлордун бири болуп эсептелет.

Бир чети ПКК жикчил тобу менен күрөшүүсүн улантып, ошол эле кезде Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн уланткан Түркия аймактык күч жана чыгыш-батыш ортосундагы энергетика коридору болуу максатын дагы жазбай улантууда.

Өткөн аптада ачылган Грекия-Түркия табигый газ түтүгү линиясы, жана өткөн жыл иштей баштаган Баку-Тбилиси-Жейхан мунай багыты өңдүү, бул темир жол долбоору дагы Россияны кыйгачтап өтүүдө.

Темир жолдун бир гана айырмасы ал, геноцид маселеси жана Тоолуу Карабак жаңжалы жаатында Анкара менен мамилеси начар болгон Арменияны дагы айланып өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG