Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

14:05 Алмазбек Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысы Виктор Зубков менен жолугушту


Түркмөнстандын борбору Ашгабатта өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев Орусиялык кесиптеши менен жолугушту. Анда негизинен эки өлкөнүн экономикалык-гуманитардык кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу кеп болду, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
2000-жылдан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода алмашуу төрт эсеге өсүп, өткөн жылы 806 млн долларды түзгөн. Ал эми быйылкы беш айдагы соода алмашуу 443 млн долларга жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG