Бул тууралуу орус өкмөт башчысы Виктор Зубков Ашхабаддан билдирди. Бүгүн ал Ашхабадда түркмөн бийликтери менен эки тараптуу соода жана экономикалык алакаларды талкуулады. Каспий газ кууру Борбор Азиянын көгүлтүр отун эл аралык базарга Орусиянын аймагы аркылуу чыгарууга багытталган. Анын курулушун баштоо иштери баа боюнча талаш-тартыштардан улам кармалып келген болчу.
Орусия жана Түркмөнстан жаңы газ кууру боюнча соңку макулдашууга жакынкы аралыкта кол коёт