Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Каирде жыйын курушту


Араб Лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Каирге Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча келерки аптада АКШда өтүүчү конференцияга карата бирдиктүү позиция иштеп чыгуу аракетинде чогулду. Жыйын катышуучулары АКШга Аннаполис шаарындагы конференциянын күн тартибине Сириянын Израил тарабынан оккупацияланган Голлан дөңсөлөрү жөнүндөгү маселени да киргизүүнү өтүнгөн кат жолдошту. Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муссанын билдиргенине караганда, конференцияга Израил менен мамилеси жок Сауд Аравия да барат. АКШ Аннаполистеги конференцияга 40тай өлкөнү чакырган жана муну менен жөөт-палестин чатагын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат деп үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG