Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбү күнү Бишкекте Орусиянын эл артисти Иосиф Кобзондун концерти өттү. Ырчы ошондой өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, президентке ыр жыйнагын жана автордук эмгегин белекке берди.

Шейшембиде Гапар айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Сүрөтчүлөр уюмунун” жылды жыйынтыктаган жалпы республикалык көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүлөрдүн живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү, бедисчилердин эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Мындай республикалык деңгээлдеги көргөзмөнү “Сүрөтчүлөр уюму” жылына эки ирет, жазында жана күзүндө уюштурат. Сүрөтчү Гулнара Мусабаева биргелешкен мындай көргөзмөлөрдүн көрүүчүлөргө гана эмес, сүрөтчүлөр үчүн да таасири чоң деген пикирин билдирди.

- Негизинен мындай көргөзмөлөр ар жарым жылда бир болуп турат. Мына ошол убакыт аралыгында кээбир сүрөтчүлөр багытын, жанрын, тематикасын өзгөртүшү мүмкүн. Мына ошол аракеттеринин натыйжасын биз ушул көргөзмөдөн көрө алабыз. Ошону менен бирге биз дагы ойлонуп, улам жаңы нерселерди ачууга аракет кылабыз.

Аптанын шаршембисинде Казакстандын эл артисткасы Роза Рымбаева жана эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева биргелешип концерт тартуулашты. Роза айым менен маектешкенибизде бул концертке конок катары, Айчүрөк Иманалиеванын чакыруусу менен келгенин белгиледи.

Концерт үч саатка созулуп, көрүүчүлөр казак ырчысынын ар бир аткарган чыгармасын узакка созулган кол чабуулар менен кабыл алышты. Эки ырчынын биргелешкен концерти буга чейин да бир нече ирет уюштурулган. Айчүрөк Иманалиева бул салт мындан ары да улантылаарын айтып, келерки концертте биргелешкен дуеттерди аткарышаарын кабарлады. Ал эми Роза Рымбаева эгер чакыруулар болсо, кыргызстандын аймактарына да концерт коюу ниетин билдирди.

Бейшемби күнү “Эл ичи-өнөр кенчи” республикалык фестивалы болду. Ага алгач райондон, андан соң облустта өткөрүлгөн сынакта жеңип чыккан 200гө жакын өнөрпоз келишти. Фестивалда катышуучулар эстрада жанры, улуттук , заманбап бий өнөрү жана башка алты номинация боюнча ат салышып, үй-бүлөлүк ансамблдер жана элдик театрлар өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Фестивалдын жүрүшүндө ошондой эле улуттук аспаптардын сынагы өтүп, дубандардан келген усталар комуз, кыл-кыяк, добулбас, чопо чоор, сыбызгы жана башка ушул сыяктуу аспаптарын калыстар тобунун сынынан өткөрүштү. Эл ичиндеги таланттарды чоң сахнага алып чыгуу жана алардын чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн бул фестивалды Маданият жана маалымат министрлиги уюштурду. Аталган министрликтин “Улуттук маданият борборунун” жетекчиси Рыскул Боромбаев фестивалда көзгө көрүнгөн, калыстар тобунун сынына толгон өнөрпоздорго професионал билим алуусуна көмөк көрсөтүшөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG