Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА 12 ПАРТИЯ УКУК АЛДЫ


25-ноябрда «Шайлоо» кодексине ылайык партиялардын Жогорку Кеңешке талапкерлеринин тизмесин каттоо соңуна чыкты. 16-декабрга мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялангандан кийин ага катышууга 50 партия ниетин билдирип, бирок 22 партия тийиштүү документтерин БШКга тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын элегинен 12 партия өтүп, 26-ноябрдан тарта үгүт иштерин баштоого мүмкүнчүлүк алды. Бир нече партия БШКнын аларды каттабаган чечимин сотко берип, соттун чечимин күтүүдө.

Каттоонун акыркы күнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы «Ак жол», «Туран», «ЭрК», «Эл добушу», «Жаңы күч» партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды. Ал эми «Мекен» («Родина»), «Замандаш», Дыйкандар жана фермерлер партияларынын тизмесин каттоодон баш тартты. «Жаңы мезгил» партиясы болсо шайлоого баруудан өз эрки менен баш тартканы кабарланды.
Бул партиялардын тизмесин кароодо өзгөчө «Мекен» («Родина») партиясы менен бийликчил «Ак жол» партиясынын тизмеси боюнча олуттуу талаш-тартыштар чыкты.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Кадыржан Батыров, Иномжан Абдуллаев жетектеген «Мекен» («Родина») партиясынын тизмесинде бир катар кемчиликтер табылганын, ошого байланыштуу бул партиянын тизмесин каттабоо сунушун БШКда тизмелерди иликтеген жумушчу топтун жетекчиси, БШКнын мүчөсү Дамир Лисовский сунуштады:

- Мына азыр эле кайрылууларды алып келишти. Бир катар адамдар бул партиянын атынан шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартууда. Андан сырткары паспорттук-визалык кызмат болсо бул партиянын 16 талапкеринин башка өлкөнүн да жараны болуш мүмкүндүгүн айтууда.

БШКнын башка бир мүчөсү Акылбек Сариев тескерисинче, “Мекен” (“Родина”) партиясынын кызыкчылыгын коргоп чыкты. Ушундай эле пикирде БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева да болуп, ички иштер министрлигинин паспорттук-визалык кызматынын маалыматты так бербегенин сынга алды:

- Алар башка партияларга бергендей так берсе, «ооба жарандыгы бул өлкөнүкү, тигил өлкөнүкү деп», биз анда бир чечимге келе алат элек. Эми бул жерде мен төрт кишини тааныбасам (аталган партиянын тизмесине кирген адамдар) башка кеп эле. Төрт кишини тааныймын. Алар биринчиден, Кыргызстан жараны. Экинчиден, болгондо дагы, 25и бир жерде иштеген көрүнүктүү адамдар. Ошондуктан биздин жалпы бөлүмдүн кызматкерлери да эмне үчүн ушундай кагаз келгени үчүн жооп берсинчи.

Бирок маселе добуш берүүгө коюлуп, “Мекен” (“Родина”) партиясынын тизмеси катталбай калды. Партиянын лидерлери болсо БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрыла тургандыктарын ачыкташты. Айтмакчы, тизмедеги кодекстин талаптарына дал келбестиктер боюнча катталбай калган «Таза коом», Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттик партиясы, Ооган жана жергиликтүү башка согуштарга катышкан ветерандардын партиясы да сотко кайрылышаарын маалымдашууда.

Жекшемби күнү «Ак жол» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодо эки маселе боюнча чатак чыкты. Анын биринчиси, партиянын тизмесинин башында бараткан Конституциялык соттун төраймы Чолпон Баекованын кызматына байланыштуу болду. БШК мүчөсү Акылбек Сариев Баекованы кызматтан бошотуучу Жогорку Кеңеш жоктугун, ошондуктан анын талапкер болуу укугу жок деген пикирин айтып чыкты. Бул суроого «Ак жол» партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова минтип жооп берди:

- Баековада шайлануу укугу бар. Баекова Кодекстин 28 беренесине ылайык кызматынан бошотулбайт, ал өз ишин аткарууну токтотуп турат. Кодекске ылайык Баекованын шайлануу укугу бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гуля Осмонбаева Чолпон Баекованын талапкер болуп катталуусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин айтып, мисал катары анын соттолбогонун, башка өлкөнүн атуулу эмес экендигин, жашы 25тен өткөнүн санап өттү.

Мына ушундай талаш-тартыш «Ак жол» партиясынын тизмесинин өзгөрүүсүнө байланыштуу да чыкты. Белгилүү болгондой партиянын 10-ноябрда болгон курултайында алтынчы болуп Асылбек уулу Дамир бекитилген. Бирок кийинчерээк саясий кеңештин чечими менен анын ордуна Жогорку Кеңештин төрагасынын мурунку орун басары Кубанычбек Исабеков коюлган. Партиянын тизмесинде ушундай мааниде бир нече башка өзгөрүүлөр болгон. «Ак жол» партиясынын төрагасынын орун басары Автандил Арабаев тизмени өзгөртүүгө курултай саясий кеңешке укук берген деген жүйөөнү айтып чыкты. Бирок БШК мүчөсү Жеңиш Акматов жашыруун добуш менен курултай бекиткен тизмени саясий кеңештин өзгөртүү укугунун мыйзамдуулугун көтөрдү.

Мына ушундай кызуу талаш-тартышта БШКнын көпчүлүк мүчөсү «Ак жол» партиясынын тизмеси катталыш керек деген пикирде болушту. Мындай шартта партияларга тегиз мамиле жасалбай жатат деген Акылбек Сариев нааразылыгын билдирип, БШК жыйынынан чыгып кетти. Бирок добуш берүүдө «Ак жол» партиясынын тизмеси көпчүлүк добуш менен каттоого алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы андан кийин «Туран», «Эл добушу», «ЭрК» партияларынын тизмесин каттоого алды. Ал эми Дыйкандар жана фермерлер партиясы күрөөгө 500 миң сом төкпөгөндүктөн каттоого алынган жок. Ошентип, БШК каттоонун акыркы күнүндө сегиз партиянын тизмесин карап, алардын ичинен беш партиянын тизмесин каттоого алды. Буга чейин БШК жети партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоого алган эле.

Алгач БШК 16-ноябрда оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын тизмесин каттоого алган. Андан кийин Исхак Масалиев жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясынын талапкерлери катталган. БШК 23-ноябрдагы жыйынында Феликс Кулов жетектеген “Ар намыс”, Арслан Малиевдин “Аалам” партиясын каттоого алып, бирок “Таза коом”, Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттик партиясынын, генерал Абдыгул Чотбаев башында турган Ооган жана башка жергиликтүү согуштардын ветерандарынын партиясын тизмесин каттоодон баш тарткан. 24-ноябрда БШКнын кезектеги жыйынында Топчубек Тургуналиев башында турган “Эркиндик”, Азимбек Бекназаров жетектеген “Асаба” жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократиялык партиясынын тизмесин каттоого алып, бирок Эркин Булекбаевдин “Жашылдар” партиясын каттоого алуудан баш тарткан.

Ошону менен БШК каттоого алган партиялардын саны 12 болду. Алар тууралуу БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Бүгүн каттоо бүттү. Катталган партиялар: «Ата мекен», Кыргызстан коммунисттери (Масалиев), «Ар намыс», «Аалам», «Эркиндик», «Асаба», Социал-демократиялык партия, «Жаңы күч», «Ак жол», «Эркин Кыргызстан», «Эл добушу», «Туран» ушул он эки партия бүгүнкү күндө каттоодон өттү.

Ошентип, каттоодон өткөн партиялар 26-ноябрь, бүгүндөн тарта үгүт иштерине киришет. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадиокомпаниядан убакыт бөлүштүрүү жана партияларга бюллетенден катар номер берүү маселесин партиялар ортосунда чүчү кулак кармоону уюштуруу менен чечет. Дагы белгилей кете турган нерсе, Борбордук шайлоо комиссиясы каттоого алынган партиялардын талапкерлеринин тизмесин “Эркин тоо” гезитине жана облусттук гезиттерге басып чыгармакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG