Кабарларга ылайык, таш ыргытып, машинелерди өрттөй баштаган жаштарга полиция жаш агызуучу газ жана желим ок колдонгон. Жекшемби күнү полиция машинеси менен мотоциклдин сүзүшүүсүнөн эки өспүрүм каза тапкан. Башаламандыктар полиция кызматкерлери өспүрүмдөргө жардам бербей окуя болгон жерден качып кеткени маалым болгондон кийин башталган.