Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

9.55 Эл аралык майыптар күнүнө карата айлык өтөт

3-декабрдан тарта 2008-жылдын 3-январына дейре майыптар күнүнө карата айлык өткөрүү тууралу Буйрукка президент кечээ кол койду. Ага ылайык өкмөткө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдети жүктөлдү. Иш-чара алкагында майып адамдарды бекер медициналык текшерүүдөн өткөрүү, алар үчүн бекер маданий оюн-зоок уюштуруу каралат. Мындан тышкары бир жолу болсо да материалдык жактан жардам көрсөтүлөт. Кыргызстанда баш-аягы 95 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Адистер белгилөөсүндө алар саны жылдан жылга өсүүдө. (EKa)
XS
SM
MD
LG