«МСН» гезити, «Стратегиясыз-түнгуюк» деген макаласында Өнөржайминистрлигинин башкарма начальниги Алмаз Байбосунов менен КР нефтетрейдерлер ассосациясынын президенти Базарбай Мамбетов экөөнүн суу-энергетика тармагынын актуал маселелерин козгогон ойлоруна орун берди. Алмаз мырза энергетикалык коопсуздук маселеси өлкөдө эле эмес бүтүндөй Борбор Азия боюнча тереңдеп баратканы отунга болгон баанын кымбаттап жатышы менен түшүшүндүрүлөрүн, биздеги эң башкы ресурс сууэнергетика тармагы болуп эсептелерин, анткени бул жагынан Кыргызстан Орусия менен Тажикстандан кийин КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 3-орунда турарын, 2008-жылы Бишкекте суу-энергетикалык саммит өтөрүн жана суу-энергетикалык академия түзүлөрүн айтса, Базарбай мырза бүгүн Кыргызстанда суэнергетикалык стратегия деген жоктугун, бирок мүмкүндүк абдан эле чоң экендигин, ошондуктан бул тармактын эки тизгин, бир чылбырын колдон чыгарбай толук кожоюн болуу вазыйпасын аткара турган мезгил жеткенин айткан.
«Агым» гезити, УТРК деректири Мелис Эшимкановдун «Оппозициям, сага айтам, бийлигим сен ук!» деген макаласын жарыялады. Мелис мырза макаласында, менин оппозициядагы досторум адатынча текеберленип, какшыктап, «Бакиев экөөңөрдүн кыял-тилегиңер томояктарга алтын чөйчөктөн бал ичиргендей жомок эмеспи? Кимди алдаганы жатасыңар, бири-бириңердиби же өлкөнүбү? Ишенбейбиз!» деп айкырык салышса таң калбайм, талашпайм. Курманбек Бакиев сага жагабы, жакпайбы, биринчиден бу кишинин пешенесине, чакчелекей мезгилде элиңди башкар, мамлекетиңди жоготуп алба, алакандай улуттун башын коштур деген оор жүк берилди, ага дарамети жетеби, жетпейби, мезгил көрсөтөт. Оппозициямын! Эл үчүн өпкө-боорумду садага чабамын, кыргызым үчүн Чолпонбайдай төшүмдү окко тосууга даярмын деп кыйкырганыңды түшүнөм, сыйлайм, а бирок турмуш жалаң ооз желинен, кооз сөздөрдөн, бийлик менен тирешүүдөн турбайт, мансаптын куралына айлангандан качсак гана атаганат. Ишенем. Бакиев үлкөн реформалар аркылуу жакшылык жол тандаганына, деп жазып чыкты.