Айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынын кызматкерлер күнүнө карата бүгүн өлкө башчысы Лебединовка айылында Чүй обулусунунун дыйкандары менен жолугушту. Бул жолугушууда президент өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө токтолуп, көп жылдан бери бюджет биринчи жолу 2 миллиард 492 миллион сом профицити менен аткарылгандыгын белгиледи. “Бул өлкө экономикасы туруктуу өнүгүүгө бет алганын айгинилейт. Болбосо биз Камбарата-2 ГЭСин өз каражатыбызга курууга кирише алат белек”, - деп айтты Курманбек Бакиев бул жолугушуу маалында. (EKa)