«Асаба» саясий партиясынын Ысыккөл облусу боюнча координатору Камчыбек Үмөталиевди кечээ кечинде Бишкекте белгисиз эки адам таяктап кеткен. Натыйжада мээси чайкалып, денеси жаракат алган. Мындай маалымат жабырлануучунун өзүнөн алынды. Үмөталиевдин айтканына караганда, окуя Ленин районунун аймагында болгон, жардам сурап төртүнчү ооруканага кайрылган. Окуяны Ленин райондук милиция кызматкерлери каттоого алып, кол тамгасын койдуруп кеткен . Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы болсо бул факт боюнча маалымат министрликке келип түшө электигин билдирди. (BuS)