Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

07:20 Учурда камакта жаткан укук коргоочу Улукбек Осмоновго чукул медициналык жардам керек


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Улукбек Осмонов укук коргоо органдары тарабынан токмоктолуп, анын ички органдарына залал келгенин “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочу Улукбек Осмонов 26-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында БУУнун качкындар бөлүмүнө кирип бара жаткан жеринен Манас районунун Ички иштер бөлүмүнүн, УКМКнын жана Казакстандын милиция кызматкери тарабынан кармалган. Учурда ал Таластын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Үстүбүздөгү жылдын 26-майында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу А. Атамбаевдин Таласка болгон иш сапары учурунда Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы чыккандар өкмөт башчыны күзөтүп бара жаткан унаага таш ыргытышкан. Бул боюнча Улукбек Осмоновго жана дагы 11 адамга Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган.(MSu)

XS
SM
MD
LG