Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Косовонун келечек макамы тууралуу Сербия менен этникалык албандар ортосундагы сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалды

Австриянын Баден шаарында эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар мунасага келген жок. Сүйлөшүүлөрдөн кийин серб премьер-министри Воислав Коштуница Белград бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими менен гана макул боло турганын айтты. Косово лидерлери болсо, “аймак эч качан туткунда болбойт” деп билдиришти. 10-декабрда АКШ, Орусия жана Евробиримдиктин ортомчулары БУУга сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча доклад жасайт.
XS
SM
MD
LG