Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

ЦЕМЕНТ ЖЕГЕНБИ?


Ушул жылдын 22-ноябрында Кыргызстандын финансы полициясы Ош обладминстрация жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Ал- Оштун губернатору жана президенттин Түштүк аймагы боюнча өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев экендигин маалымдаган «Дело №…» гезити, финполициянын айыптоосу боюнча губернатор Ж.Сатыбалдиев «Республиканын калкын цемент-шифер менен камсыз кылуу чаралары жөнүндө» деген өкмөт токтомун бузууга жол берип, оштуктар үчүн бөлүнгөн курулуш товарын үстөк кошуу менен саттырып жибергенин, товар Оштон сырткары жерлерге да сатылып кеткенин, Ошол эле учурда алардын баасы кымбаттап, цементтин 1 тоннасы 1300 сомго жетип, ар бир шиферге 13 сомдон ашыкча төлөнгөнүн,эл мындан 10 миллион сом жабыр тартканын баяндады.

Ал эми президент К.Бакиевдин «иштеги кетирген кемчиликтери үчүн» деген буйругу менен бошотулган Оштун мурдагы губернатору Ж.Сатыбалдиев, мунун баары жалган жалаа, цементтин баасын көтөрүп саттырганын ал ошол кыйын учурда облусту цемент жана шыйпыр менен камсыз кылып аткан ишкерлерди колдоо үчүн жасагамын деп айтып чыкты.

Азыр ошол эле Ж.Сатыбалдиевдин мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев да ушундай эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен абакта жатат. Кыргызстандын тарыхы кылмыш ишине аз эле жерден облус деңгээлиндеги жетекчилердин баары аралашкан окуяны башынан биринчи жолу өткөрүп жатат, мурда мындай болгон эмес эле деп жазды. Баса Ош облус губернатору болуп Аалы Карашев аттуу жаран дайындалды.

Ушул эле гезит полковник Ч.Алиев, депутат Ж.Сурабалдиев жана башка буйуртма киши өлтүргүчтөрдүн бети ачылганын, анын авторлору жакында сот алдында жооп берерин, кылмышкерлердин бири мурда спецназда кызмат кылып, кийин чоң чиновниктердин жансакчысы болуп жүргөн, мындан эки жыл мурда Ч.Алиевдин өлүмүнө катышы бар деп кармалып, бирок 2005-жылы эң жогорку кызматтагы революционер-чиновниктердин биринин кийлигишүүсү менен абактан бошотулуп чыгарылган Эркин Мамбеталиев деген болорун, азыр ал бир катар буйуртма өлтүрүүлөргө каытшканыдыгы үчүн жооп бергени жатканын кеп кылган..

«МК Кыргызстан» гезити «Асаба» партиясы менен шайлоого аттанган дүйнөлүк психиатр Жеңишбек Назаралиев жана «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин интервьюларын жарыялады. Назаралиев бүгүн кыргыз башкаруучуларынын элди туңгуюктан алып чыга турган стратегиясы жоктугун, 19-кылымда орус помещиктери өз чарбаларын жөндөй албай калганда жардамга немистерди чакырганын, 20-кылымдын аягы менен 21-кылымдын башында дал ушуга окшош көрүнүштү Бириккен Араб Эмираттары менен Египет жасаганын, ошондуктан атка минерлер мамлекеттик кызмат орундарынын 15-20 пайызын чет өлкөлүк иш билги адистерге тартынбай эле беришин, анткени өлкөнү алга жылдыруу үчүн дүйнө экономикасынын күңгөй-тескейин мыкты билген чыныгы профессионалдар керектигин, Кыргызстанды жарыкка алып чыгууда акылдуу адамдардан эмес колунан жеп-ичкенден башка эчнерсе келбеген акмак адамдардан коркуш керектигин айткан.

Башкаларда эмне кеп?

«МК Кыргызстан» бүгүнкү күндө Путиндин Орусиясы Эларалык алкактагы өз кудуретин чыңдоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен саясый алака түзүү аракетин улам күчөтүүдө деп кабарлады. Орустар бул чөлкөмдөгү позициясын чийки заттар менен соода кылуу аркылуу кармап тургусу келсе, Кытай Борбор Азияга түз эле даяр продукциялары менен келип кирүүдө. Анын үстүнө кытай өндүрүшчүлөрү орустар менен борборазиялыктарга караганда атаандаштык жөндөмдөрүнүн алда канча күчтүү болорун көрсөтүүдө. Кыскасы Орусиянын Орто Азиядагы орду баары бир Кытайсыз аныкталбайт. Ошол эле ШКУ уюму дүйнөлүк экономиканын кубаттуу борбору болуп калышы же СССРге окшоп кыйрап түшүшү да баары бир Кытайга байланыштуу деп белгиледи.

х х х

Ушул эле гезит немис политологу Александр Рардын орус президенти Путиндин 3-мөөнөтү жөнүндө айткан ой-пикирине орун берген. Белгилүү саясат таануучу, эгер Путин дагы бир мөөнөткө калыгысы келсе оңой эле каларын, мындан Орусия үчүн эч кандай трагедия болбостугун, болгону Батыш гана сындап чыгарын, чынында эле бүгүн Орусия менен Батыштын ортосун кара мышык аралап турганын, мамилеси анча эместигин, анын үстүнө эми мындан аркы окуялар жакында өз көз карандысыздыгын жарыялаганы жаткан Косового жана Абхазия менен Грузияга көбүрөөк байланыштуу болорун,бирок баары бир Батыш үчүн жаңы келген лидерге караганда акыркы 8 жыл ичинде саясат майданында үзөңгүлөш иштешкен туруктуу адам көбүрөөк зарылдыгын, ал эми Путин тарыхта Орусиянын укуктук системасын кыйраткан киши катары эмес аны бекемдеп түзгөн киши катары калышы керек деп эсептейт немис политологу А.Рар.
XS
SM
MD
LG