Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

11:10 Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишине шайлоодо админстративдик ресурс колдонулушуна тоскоол болушу себеп болду


Бул тууралуу «Азаттыкка» социал-демократиялык партиянын өкүлү Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев шайлоо калыс өтүш керек, бийлик бир партияга иштеп жатат, бул жаңжалга алып келиши мүмкүн деп айтып келген жана аны президенттин өзүнө да айткан. Эдил Байсалов бул бийликтегилерге, президентке жаккан эмес деп, бул бийликтин жүзүн дагы бир ирет ачып койгонун белгилейт. Ал Атамбаевдин эл арасында өсүп бараткан кадыр-баркынан чочулоо да анын кызматтан кетишине себеп болду деп эсептейт. Эдил Байсалов ошондой эле Атамбаев эки-үч күн эс алган соң партиянын үгүт иштерине активдүү катышаары мүмкүндүгүн билдирди. Алмазбек Атамбаев социал-демократиялык партиянын төрагасы. Бирок ал премьер-министрлик кызматта турганына байланыштуу партиялык тизмеге кирген эмес.(SM)

XS
SM
MD
LG