Мындай аракет Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен болуп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлоодо. 27-ноябрь күнү Кыргызстандын АКШдагы элчиси З. Сыдыкова, элчиликтин консулу Б. Кулматов, А. Раимкуловдун ата – энеси жана адвокат К. Миллингтон Лас – Вегас шаарынын Кларк аймактык соту менен жолугушуп, ага А. Раимкуловду мөөнөтүнөн эртерээк бошотуу арызын жолдошту. Ал эми сот өз кезегинде бул иш боюнча акыркы өкүм чыгара турган соттук кароону 28 – ноябрь күнү эртең мененки саат сегизге белгилеген. (Кыргызстан менен АКШнын Лас – Вегас шаарынын ортосунда он төрт саатык айырма бар). (ESu)