Кырсыктаган учак боюнча атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия кеңири иликтөөдөн соң ушундай тыянак чыгарды. Нарын районунда ушул жылдын 23-июнунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү Як-40 учагы күтүлбөгөн себептерден улам авиациялык химиялык иштерди жүргүзүү үчүн колдонулган аянтка конууга мажбур болуп, коноору менен күйүп кеткен. Ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Маалыматтарга караганда ЯК-40 учагы бул аймакта ички авиакаттамдарды уюштурууга болоор-болбосун иликтеп техникалык көзөмөл жүргүзүп жүргөн. Учак жүргүнчүлөрүнүн арасында «Манас» абамайданынын деректири Бакыт Сыдыков менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментинин деректири Алик Эмруловдор бар болчу. (EBM)