Аталган партия тараткан маалыматка караганда, партиянын Кадамжай райондук штабынын башчысы Хаит Айкыновго бүгүн өздөрүн ыңкылапты коргоо комитетинин мүчөлөрүбүз деп тааныштырган адамдардын тобу келишип, штабды жабууну жана партиянын бул аймактагы ишин токтотууну талап кылышкан. Ошондой эле алар каякка арызданбасын баары бир бул партиянын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришпестигин айтышкан. «Ата мекен» партиясынын өкүлү бул окуя боюнча жергиликтүү милицияга кайрылган. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бегалы Ахмедов бул окуя боюнча түшкөн арыздын негизинде оперативдүү топ иликтөө иштерин жүргүзө баштаганын, бирок коркутуу болду дегенге азырынча эч кандай далил табыла электигин «Азаттыкка» билдирди.(SM)