Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

“ПОШЕЛ” БОЛДУ. ЭМИ “ПОСОЛ” БОЛОБУ?


«Лица» гезити, минтип жазат, Акүйдөгү биздин маалымат булагынын билдирүүсү боюнча Атамбаевди кызматтан кетирүүнүн башкы демилгечиси 100 пайыз Курманбек Бакиев болгон.

Мамлекет башчысы Атамбаевди өзүнө чакырып алып, айрым сурамжылоолорго караганда «Ата мекен» партиясы парламенттен 45 орун ала турган түрү бардай, кокус ушундай болуп кетсе анда сени премьерликке көрсөтүшпөйт, анан баягы ызы-чуу кайрадан башталат, андан көрө азыртан кетип кал. Бирок оппозицияга барбайсың. Кааласаң кызмат беребиз деп айткан… Мына ушундан кийин Атамбаев а-бу деп шылтоо кылганга ылаажы табылбасын түшүндү. Президент ага ар кандай кызмат сунуш кылды эле, ал Түркүянын элчилик кызматына токтолду. Анткени ал жакта Атамбаевдин чоң бизнеси бар. Премьер болуп турган маалда ал көп акча иштеп тапты, эми ошол акчаларды айланта турган мезгил келди. Акырында Бакиев Атамбаевге «пряник»-«Данакер» орденин тапшырды, бирок сыйлык нан менен тамак-аш азык-түлүктөрүнүн кымбатташы үчүн берилген жок. Отставкага кетип жатып А.Атамбаев Бакиевге аябай чоң баа берди, бирок аны Чыгыштын арамза жол-жолою менен кантип ызалантып салганын байкаган жок деп жазды.

«Де-факто» гезити да А.Атамбаевдин кызматтан кеткенине байланыштуу бир катар саясатчылардын ой-пикирлерине орун берди. Маселен И.Абдуразаков, Атамбаев бийликке табигый жол менен келбегендигин, ошондуктан ал баары бир бийликтен кетмектигин, Н.Байболова, бул деген бийликтин оппозициячыл «Ата Мекен», «Асаба», «Ар намыс» сыяктуу партияларын өткөрбөө үчүн жасалган кадам экенин, А.Жекшенкулов, Атамбаевдин кетиши менен мындан ары деле коомдо саясый абал жакшырбастыгын, анткени эми элита бөлүнүп-жарыла баштаганын, буга мисал кылып Ош губернаторунун, КР билим берүү жана илим минстринин кызматтан чегинүүлөрүн келтирсе болорун, А.Бекназров, баары бир сени бир күнү иштен алып салышат деп А.Атамбаевга эскерткенин, эми анын угушунда Алмаз мырза өзүнө тынч, бар-жогу билинбеген кызмат сураганын жарыя кылды. Гезит мындан сырткары экс-депутат Д.Садырбаевдин Кыргыз элине кайрылуусун, юрист А.Сакыбаевдин К.Бакиевге катын басып чыгарды

«Общественный рейтинг» гезити КТР жетекчилигинин алмашуу саясатына арнаган макаласында анын мурунку деректири К.Молдокасымов менен Акүй италиялыктарча ажырашканын, ал эми анын ордуна келген Эшимкановду дайындарын дайындап коюп, качан жаза басар экен, кандай ката кетирер экен деп аңдып турганын белгилейт. Эларалык «Флагман» интернет-журналынын саясый баяндамачысы Вадим Беспалов ар кандай карама-каршылыктарына карабастан Эшимканов кыйын менеджер экенин айтат. Бирок КТР боюнча андай деле корко турган эч нерсе жок. Ошол эле К.Молдокасымов да, А.Карыпкулов да Акүйдөн жасалып чыккан Бакиевдин кишилери болорун, кыскасы карышкырга кандай тери жапсаң деле карышкыр бойдон кала берерин белгилейт. Ал эми Эшимканов дайындалганга чейин түзүлгөн байкоочулар кеңешинин мүчөсү Эльвира Сариеванын айтымында байкоочулар кеңеши КТР деректирлигине Эшимкановдун талапкерлигин колдобогондугун, бирок Бакиевдин кишилери атайылап дестабилдештирүүгө барышып, арыз жазып Кеңештен чыгып кетишкенин, мыйзам боюнча Кеңеш деректирди ачык конкурс менен шайлаарын, эми ага үлгүрбөй калганын, азыр деле ошондой кылса болорун, конкурска М.Эшимканов да, К.Молдокасымов да катыша аларын, бирок Кеңештин 8 мүчөсү мүчөлүгүн таштагандыгынан улам кворум жоктугун, анын толук курамы жаңы келүүчү парламенттен кийин аныкталарын айтып берген.
XS
SM
MD
LG