Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

«АКЖОЛ» ТЕСКЕРИ ОКУСА «ЛОЖКА» БОЛОБУ?


«Агым» гезити өткөндөгүдөй эле бул санында да дээрлик «Ак жол» партиясын үгүттөгөн макала, интервьюлар менен жарык көрдү.

«Аалам» гезити бийлик элди сатып алуунун дагы бир кынтыксыз технологиясын таап чыкканын, фотоаппараты бар чөнтөк телефондон 2100дү сатып алып койду деген кеп тараганын, анткени кабинадан бийлик партиясына белги койгон сүрөттү тарта чыккан шайлоочу добушу үчүн берилүүчү акчаны чөнтөгүнө салып баса берерин маалымдаса, гезиттин саясый баяндамачысы Үсөн Касыбеков өзүнүн «ЛожКА» аттуу макаласында жакында жаштар форуму өткөргөн талкууда алар «Ак жол» партиясынын аталышын какшык менен «Лож ка» деп аташканын, чынында эле «Ак жолду» тескерисинен окуса «Лож ка» болуп окуларын, ал эми тереңинен алганда ал партия эл айткандай «кайда болсоң анда бол, аш ичкенде пайда бол» деп, аш бышканда төр меники деп даяр боло калган убактылуу уюмду элестетерин, анын үстүнө партиялык тизме менен ага кирип алгандар «Ак жолду» түзгөндөр болбостон даяр «ложкалар» болгонун эстен чыгарбоо керектигин белгилеп, ошону менен бирге эле жаштар форуму Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду- АКМ деп (Автомат Калашникова модернизированный), Турсунбек Акунду-Акун Матата деп, президенттин админстрация башчысы Медет Чоканович Садыркуловду-МЧС деп (Министерство черезвычайных ситуаций) «эркелеткен» ат менен атап алышканын, кыскасы замандын, саясаттын, жашоо-турмуштун ар кандай ыплас, терс жактарына өздөрүнүн курч, сын көз караштары менен баа бере билген жаштардын талкуусу жандуулугу, жаңычылдыгы, кызыктуулугу менен айырмаланганын баяндайт баяндамачы.

«Жаңы ордо» гезити президент К.Бакиевдин буйругу менен Искендер Айдаралиевдин 1-вице-премьердин милдетин аткаруучу болуп дайындалганына комментарий берип, кечээ эле бүт Aйдаралиевдер Майрам Акаевга кошомат кылып жүрүшпөдү беле, Акаевдин «куйругу» деген Айдаралиевди Бакиев неге мынча көтөрмөлөгөнү белгисиз же Акаев менен кошо жем жегендерден башка киши Кыргызстанда жок калганбы, Айдаралиев Таласта губернатор бюолуп турганда Майрам Акаеванын эл алдында эч кандай эмгеги жок атасына эстелик тургузбады беле деп суроо коет, ошондой эле анын ордуна Жалал-Абадка губернатор болуп дайындалган Кошбай Масировдун да жеп-ичкендери туурасында абдан көп ушак-айың кептер барын, ал эми жакшынакай эле иштеп аткан билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин ордуна Ишенгүл Болжурованын дайындалганы да түшүнүксүз ойлорго түрткөнүн, анын үстүнө көпөлөктөй кызматтан кызматка учуп-конгон бул айымды өткөн парламент вицеликке өткөрбөй койгонун эске салып, эми жакында Адахан Мадумаровдун орду бошободубу, эми ага Аскар Акаевдин өзүн алып келбесек эле болду деп какшыктап жазды.

«Заман Кыргызстан» гезити Боршайкомдун мүчөсү Жылдыз Жолдошевага бир-эки суроо менен кайрылып, жакында шайлоого байланыштуу Орусияда иштеп жүргөн мекендештерге барып келдиңиз, ал-абалы кандай экен, кандай жашап жатышыптыр деп суроо салган. Жылдыз айым, Орусиядагы эмгек мигранттарынын көбү кудай буюрса ирденип, жашоо-турмуштарын оңдоп алышканын, көбүнүн фирмалары барын көрүп жетиналбай кубанганын, бирок эң эле кейиштүүсү ал жерден каза болуп калган адамдын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү чындап тозокко айланганын, «груз-200» деп аталган бул сөөк жөнөтүү түйшүгү үчүн эле 50 миң орус рубли талап кылынарын, ал жерден бул жакка жок дегенде 3-4 жолудан сөөк жөнөтүлүп турарын, ал эми миграция боюнча мамлекеттик комитетке болгону 3 миллион гана сом бөлүнгөнүн, негизи мамлекеттин мигранттар менен жүргүзө турган иши чачтан көп экенин айтып берген.

«Кыргыз туусу» гезити «Үгүт иштеринде эмнелерге көңүлбуруу керек?» деген макаласында буга чейинки шайлоолордо колдонулуп келген талапкерлердин бирин-бири жамандоосу, бири-биринин үстүнөн жалган ушак-айың таратышы бу жолу деле болушу ыктымалдыгын, ушул тапта шайлоодон сыртта калып калган партиялардын басымдуу көпчүлүгү шайлоого аттанган өнөктөштөрү менен тил табышып, эл арасында активдүү иштеп жатканын сөз кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG