Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

АТАМБАЕВ АЙРЫЛЫШ ЖОЛДОБУ ЖЕ БАРАР БАГЫТЫН БИЛЕБИ?


Өтүп бараткан аптадагы башкы жаңылык премьер-министр Алмаз Атамбаевдин кызматынан бошотулушу болду. Оппозицияда жүрүп, aпрель окуяларынан кийин келген Атамбаевдин Ак үйдөн кетиши коомчулукта өзгөчө уу-дуу кепти жаратты. Cаясий чөйрөдө Атамбаев саясий кырдаалды тынчытуу үчүн бийлик убактылуу пайдаланган гана саясатчылардын бири катары сыпатталууда. Мындай жагдайда аны оппозиция өз катарына кошууга анча кызыкдар болбойт деген көз караштар да айтылып жатат. Ошол эле учурда Атамбаевди Ак үй менен да ынак болуп кетти деп айтууга болбойт. "Жалпысынан алганда аны кошуп алганга азыр оппозиция кызыкпайт, бийлик тараптагылар мунун потенциалын бүтүн колдондук, эми кереги жок деген мамиле кылып коюшу мүмкүн,"- дейт саясат таануучу Кубан Абдымен.

Алмаз Атамбаев премьер-министрлик милдетин өтөп бүттү деп кызматынан алынды. Президент узатуу иш чарасында Атамбаевдин премьер-министр катары жасаган иштерин жогору баалап, төшүнө «Данакер» орденин такты. Конституциялык реформаны ишке ашырууга да, экономиканы турукташтырууга да Атамбаев жакшы салым кошуп берди деп эсептеген Курманбек Бакиев аны мыкты мамлекеттик ишмер катары жетилгенин белгиледи. Эс алуудан кийин мамлекеттик кызматка келерин да эскертти. Президенттин ушундай мамилеси ал экс-премьердин мүмкүнчүлүгүн дагы пайдалана тургандай таасир калтырды. Бирок, саясий чөйрөдө бул жөн гана сыпайгерчиликтин белгиси катары бааланып , иш жүзүндө Атамбаев саясий кырдаалды тынчытуу үчүн бийлик убактылуу пайдаланган гана саясатчылардын бири катары сыпатталууда.

Азыркы апыл-тапыл учурда кызматтан кетиши Атамбаевдин СДП партиясына бийликтин таасирин азайтуу максаты менен байланыштырылууда. Саясат таануучу Кубан Абдымен болсо муну бийликтин шайлоодогу саясий жүрүшү дейт:

- Бул «Ак жол» партиясы шайлоочулардын 05% пайызын туура эмес деп сотко берген сыяктуу эле саясий жүрүштөрдүн бири.

«Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев ушуну менен Атамбаевдин саясий кадыры түштү дегендердин бири:

- Жок саясатта ал бүттү. Бакиев жанагы данакер орденин берип, бүтүрүп, эми башкасын алам дегендей кылды го. Ноябрда айтып отурган Бакиев «труп», «дракон» деп атты эле өзү «дракончик» болуп кетти го.

Алмаз Атамбаев ириде социал-демократтар саясий партиясынын лидери катары таанымал. Саясатчы 1995-2000-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын депутаты болгон мезгилден баштап таанылган. Аскар Акаевдин бийлиги тушунда акааратчыл саясатчылардын катарын толуктап, кийинчерээк таасирдүү оппозициялык ишмерлер Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов менен бирге Кыргызстандын элдик Конгрессин түзүп, президенттикке да талапкердигин койгон. 2005-жылдын 24-мартында Акаевдин бийлигине каршы элди сүрөгөн радикалдуу оппозициячылардын катарында турган. Анткен менен, Атамбаев бир жыл айлана электе Бакиев баштаган азыркы бийликке кастарын тиккен саясатчылардын бирине айланды.

2006-жылкы жазгы, күзгү митингдерде Алмаз Атамбаев тең төрагалык кылган «Реформа үчүн!» кыймылы коомчулуктун азыркы бийликтин саясатына нааразы тарап таянган олуттуу саясий күч болуп турган:

- Бүгүн ыңкылап болбогондой сезилип жатат. Чачын өзгөртүп, кылмыш дүйнөсү менен достошуп алган Акаев мурдагыдай эле ак үйдө отуруп алып башкарып жаткандай сезилет. Ошондуктан, биз социал-демократтар митингге «Акаев ке!» деген лозунг менен баратабыз. Ыңкылапчылардын бири Акаевге деле он беш жыл чыдабадыкпы, буга деле чыдайлы дейт. Мындай болбойт. Биз ыңкылапты бир үй бүлөнүн ордуна башкасын чыдап, багыш үчүн жасаган эмеспиз. Биз реформаны, тартипти, коопсуздукту талап кылабыз.

2006-жылкы жазгы митинг алдында Атамбаев ушинтип билдирген. Бирок, 2007-жылкы апрель митингдерин ал колдобой койду. Мындай мамиле экс-премьер министр, Ар Намыстын лидери, Элдик Конгрессти чогуу түзүшкөн мурдагы өнөктөшү Феликс Кулов менен мамилеси биротоло бузулганын тастыктап берди. Ага удаа эле Атамбаев экс-премьер министр Куловдун ордуна барып отурду. Анын мындай кадамы ириде «реформачыларды» кабатыр кылды. Бийликтин камчысын чаап кетти деп, премьер-министр Атамбаевдин саясатын колдоодон караманча баш тартышты. Атамбаевдин бийликке барышына оппозиция макулдук берген эмес, ал президент менен өзү келишип кетти деген пикирлер байм-бай айтылып турду. Ага жараша Атамбаевдин өкмөттүн 40%ына өз кишилерин алып келем деген убадасы ишке ашпай, бирин-экин тилектеши гана министрликке барууга макулдук беришти.

- Мен бул кызматка кызмат үчүн же башка нерсе табыш үчүн келген жокмун. Себеби, конфронтация өтө тереңдеп кетти. Мен эч кимден кандайдыр бир кепилдиктерди күтпөйм. Мен болгону оппозиция менен бийлик компромисске келишин каалайм.

Бирок, баштатан оппозициялык лидер катары таанылган Атамбаевдин өкмөттө турушунун өзү саясий кырдаалды турукташтырууга салым кошпой кое алган жок. Анткен менен, талдоочулар аны башкы милдети саналган өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө олуттуу салым кошо алган мамлекеттик ишмерлердин катарына кошо алышпайт. Ал иштеп турган жети-сегиз ай аралыгында баа өсүп, экономиканын акыбалы начарлап кетти. Мындай пикирин «Азаттыкка» берген интервьюсунда экс-премьер министр Амангелди Муралиев билдирди:

- Чынын айтканда, Атамбаевдин убагында инфляция кыйла эле өстү. Эмне дегенде эл кыйналып жатат. Бирок, кирешелер баягы эле бойдон калган. Бул жагынан да коркунучтуу нерсе бар. Балким, инфляциянын өсүшү, чарбада болгон кемчиликтер Атамбаевге жүктөлүш керек эле. Эми саясатта чапан кийгизип, калпа кийгизип. сыйлык берип кетиргенди деле түшүнсө болот.

Бир топ талдоочулар Атамбаев менен Бакиевдин мамилеси байкалгандан да ынак мамилеси бар экенин айтып жүрүшөт. Атамбаев муну кызматынан кетип жатканда сүйлөгөн сөзү аркылуу тастыктагандай болду:

- Биз Курманбек Салиевич менен көптөн бери мамилелешпиз. 2003-жылы менин туулган күнүмдө Нур уулу Досбол, башка досторум болушкан, биз Курманбек Салиевич, сиз өлкөнүн кийинки президенти болосуз деп айтканбыз. Эсимде, бул темада бир катар оппозиция лидерлери менен да Феликс Шаршенбаевич Кулов отурган түрмөдө да талашканбыз. Мен анда дагы айткам, президент Бакиев болот деп.

Ошол эле учурда президенттин саясатын жактагандар Атамбаевге анча ишенишпейт, ага жараша анын кызматтан кетирилишин туура көрүп жатышат. Маселен, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев:"Чындап айтканда президент менен биргелешип чын жүрөктөн иштебейт да бу. Мунун жан дүйнөсү тетиги оппозициябыз деген тарапта да",- дейт.

Талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде, азыркы шартта Атамбаевди оппозиция деле өзүнө жуутаары күмөн, бийлик болсо анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Ошондуктан, азыркы шартта Атамбаев баарынан мурда өзүнүн СДП партиясы үчүн керек болуп турат. Албетте, Атамбаев премьер министрдин милдетин аткаруучу болуп турганда партияда ишеним жок болчу. Бирок, Атамбаевдин партиядагы салмагын азыр дагы эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан, тизмедеги шайлоодо жеңишке жетүүгө дилгир бир топ аттуу-баштуу саясатчылар партия лидерин шайлоого иштетүүгө бар күчүн жумшайт. Мунун артында Атамбаевди кайра премьер министрликке алып келүү дымагы да жатат:

- Бир топ шарттардын түзүлүшүнө көз салсак, мүмкүн «Ак жол» дагы, социал-демократтар дагы белгилүү бир орундарды ээлесе кайрадан премьер министрликке шайланып калышы мүмкүн. Себеби Бакиев менен Атамбаевдин кечээги эле сүйлөшүүлөрүнө караганда экөөнүн мамилеси абдан жакшы. Бир топ нерселер макулдашылгандай түрү бар.

Бакиев эми Атамбаевге муктаж эмес деген көз караштар Кубан Абдыменди ынандырбайт. Анын оюнда бийлик мындай таасирдүү саясатчыны өз тарабында кармап турууга кызыкдар.

Тектеш

XS
SM
MD
LG