Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:13

16:00 БШК “Асаба” партиясынын айрым мүчөлөрүн тизмеден чыгаруу маселесин эртең карайт


Бул тууралуу партия жетекчиси Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Борбордук шайлоо комиссиясы “Асабанын” тизмесинде үчүнчү болуп турган Алевтина Проненкону жана дагы бир мүчөнү мурдагы кызматынан толугу менен кеткен эмес деген негизде тизмеден чыгарууну көздөп жатат. БШК эртең Адилет министрлигинен түшүндүрмө алып туруп бул маселени кароону улантмакчы. А. Бекназаров эгер Проненко тизмеден чыгарылса, “Ак жол” партиясынан да Чолпон Баекова кетиши керек деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясы “Асаба” менен бирге “ЭрК” жана “Жаңы күч” партияларынын тизмесинен айрым талапкерлерди чыгаруу тууралуу 30-ноябрдагы отурумунда токтом кабыл алган. (EBM)
XS
SM
MD
LG