Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

КАЗАКСТАН - ЕККУ: КОШ СТАНДАРТ САЯСАТ ЖАНА ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕР


Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 15- жыйынында жакынкы жылдары уюмга төрагалык кылуучу өлкөлөр аталды. Ага ылайык 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылуу Казакстанга берилди. Кыргызстандык укук коргоочулардын бир тобу муну Батыштын кош стандарттуулук саясатынын дагы бир көрүнүшү катары баалса, башкалары төрагалык кылуу Казакстанда демократиялык жараяндардын күчөшүнө алып келет деген ишеничте.

Испания борборду Мадрид шаарында ноябрь айынын соңунда болгон жыйынга 56 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев баштаган делегация да катышты. Жыйында 2008-жылы ЕККУга төрагалык кылуу Финляндияга берилди. Андан кийин 2009-жылы Греция, 2010-жылы Казакстан ЕККУга жыл бою төрагалык кылмай болду. Казакстан өзү 2009-жылы төрагалык кылууга аракеттенип келген эле.

Демократия куруу жаатында проблемалары бар, бирок мунай, газга бай Казакстандын ЕККУга төрагалык кылуусун кыргызстандык укук коргоочулар бир жактуу кабыл алган жок.

Маселен, ЕККУнун жыйындарына катышып жүргөн укук коргоочу, «Эр айдоочу» уюмунун лидери Качкын Булатов ЕККУга төрагалык кылуунун Казакстанга берилишин мындай баалады:

-ЕККУнун чоң жыйындарында айтылып эле жүргөн, Казакстанда демократия жок, адам укугун тебелеп жатат деп. Анан кийин эле төрагалык кылууну берип жатат. Мен Европалык демократиянын табиятына таң калып, түшүнбөй жатам. Себеби булар эки стандартпы, үч стандартпы, кандайдыр көп стандарттуулукту кармайт экен.

Мына ушундай эле маанайдагы пикирин «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова да ачыктап, Батыш Казакстан мунай, газ байлыгы үчүн ушундай кадамга барды деген пикирин билдирди:

-Казакстан ЕККУнун принциптери менен иштеген эмес жана иштей албайт. Туура анча-мынча жылыштар бар. Бирок негизинен бай ресурстары менен гана таасирин тийгизе алат. Ошон үчүн биз айткыбыз келет, геосаясий деңгээлде эки жүздүү саясат орноп кетип жатат деп. Бирок 2010-жылга чейин убакыт бар. Мен ойлоймун, бул убакытта Казакстандагы демократиялык лидерлер жана жарандар жакшы жолго түшүүгө аракет жасайт деп. Ал эмес жалпы регион да туура жолго түшкөнгө аракет жасалат деп ойлоймун.

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ЕККУга төрагалык кылуу Казакстанда, жалпы эле Борбор Азия регионунда демократиянын өнүгүүсүнө салымын кошот деген пикирде:

-Албетте, Казакстан демократия жана адам укуктарын сактоо жагынан үлгү боло турган мамлекет эмес. Ошондуктан Казакстандын төрагалык кылуусу бир жактуу кабыл алынбайт. Бирок Астананын 2010-жылы төрагалык кылуусу Казакстан үчүн, Борбор Азия региону үчүн көптөгөн оң жактары бар. Анткени муну менен регион мыйзамдуулук, демократиялык өнүгүү үчүн түрткү алат. Белгилүү болгондой Казакстан региондогу экономикалык лидер.Эми ЕККУнун төрагасы катары Казакстан мыйзамдуулукту, демократияны өнүктүрүү үчүн, аларды Европалык деңгээлге жеткирүү үчүн аракет жасайт. Андан жалпы регион оң түрткү алат деп ойлоймун.

Маалым болгондой, расмий Кыргызстан Казакстандын ЕККУга төрагалык кылуу аракетин колдоп келген. Мадриддеги жыйынга катышкан тышкы иштер министри Эднан Карабаев башында турган кыргыз делегациясы болсо ушул күндөрү Бишкекке келиши күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG