Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Түркия армиясы Ирактын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине сокку урду


Түркиянын армиясынын билдиргенине караганда, соккудан алардын эсебинде 50дөн ашуун согушкер жок кылынган. Операция учурунда аскер-аба күчтөрү жана артиллерия колдонулду, Ирактын аймагын көздөй жерден жоокерлер кирген жок. Премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган жана анын өкмөтү ушул жума күнү армияга Күрд Жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы операциянын чек арадан ары өтүп, жүргүзүүгө уруксат берген эле. Өлкөнүн Ирак менен чектеш тоолуу аймагында азыр 100 миңдей аскер топтолгон.

XS
SM
MD
LG