Жаштар кыймылы белгилүү боксчу Алмазбек Райымкуловдун камалуусуна байланыштуу 22-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эгерде бул маселе кыска мөөнөттүн аралыгында чечилбесе ар кандай иш чараларды өткөрүүнү Тышкы иштер министрлигине, Кыргызстандагы АКШнын элчисине эскертишкен.
28-ноябрда АКШнын Лас-Вегастагы Кларк аймактык соту Алмазбек Райымкуловду бошоткондугуна байланыштуу “Жаңы муун” жаштар кыймылы мурда айтылган иш чараларды өткөрүүдөн баш тартты. (AJ)
28-ноябрда АКШнын Лас-Вегастагы Кларк аймактык соту Алмазбек Райымкуловду бошоткондугуна байланыштуу “Жаңы муун” жаштар кыймылы мурда айтылган иш чараларды өткөрүүдөн баш тартты. (AJ)