Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

18:54 Чолпонатада “Ак жол” партиясы “жоголсун!” деген талаптар жаңырды


Чолпоната шаарындагы Чолпон театрында 3-декабрда “Ата мекен”, “Туран”, “Эрк”, “Ар намыс”, “Ак жол”, “Аалам” жана “Социал-демократ” партияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Арслан Малиев менен “Ак жол” партиясынын райондук координатору Жапар Амантуров айтыша кеткенде, залдагылар “Ак жол” партиясы жоголсун!” деп кыйкырышты. Эл тынчыгандан кийин дагы “Ак жол” партиясы бюджеттик мекемелерди мажбурлоо жолу менен мүчөлүккө каттап атканы боюнча суроолор көп болду эле, аны Жапар Амантуров моюндабай четке какты. Ал эми “Ак жолдун” лидери Чолпон Баековабы деген “Азаттыктын” суроосуна координатор "Баекова партияга мүчө да эмес" деп билдирди. (RB)

XS
SM
MD
LG