Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

БИШКЕКТЕ БЕЛ КУР КҮРӨШҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТҮП ЖАТАТ


Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча “Федерациялар парады” аттуу эл аралык биринчи мелдеши өтүп жатат. Эл аралык таймашууга 14 өлкөнүн балбандары мөрөй талашууда.

Кыргызстанда алыш күрөшү, лейлек күрөшү, кыргыз күрөшү жана фергана күрөшү өз алдынча мелдештерди өткөрүп, өз ара атаандашууну жаратып келет. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 7 жыл болуп, жыл өткөн сайын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.

Бел кур менен күрөшү эки ыкмада: классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт. Айырмасы классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт. Эркин ыкмасында бут менен чалып жыгууга да уруксат берилген. Экөөндө тең балбандардын таймашуусунда далысы килемге таза тийгени эсепке алынат.

Бишкектеги бел кур күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Грекия, Түркия, Орусия, Украина, Белорусия, Эстония, Латвия, Азербайжан, Израиль, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган 130 балбаны күч сынашып жатат.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде бел кур күрөшүнүн келечеги кең. Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып 2010- жылы Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16- Азия оюндарынын программасына киргизилди.

Кожомкул атындагы спорт сарайында 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг жана 100 кг жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңил салмакта баш байге үчүн бишкектик Калыбек Жолчубеков менен оштук Алибек Бакиров килем үстүндө күч сынашып, Алибек жеңип алды.

66 кг салмакта кыргызстандык балбан Автандил Анарбаев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Өзбекстандан келген Кодир Омурзаков күмүш байгелүү болду.

Ал эми 73 кг салмакта чемпиондук наам үчүн жалалабаттык Жаныбек Сейталиев менен бишкектик Асылбек Бөдөшев килем үстүндө күрөшкө чыгып, Жаныбек аттандашын жеңип, баш байгенин ээси болду.

81 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан өзбекстандык Искендер Махаматжанов биринчи орунду камсыз кылды.

Ошондой эле 90 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, финалга чейин жеткен жалалабаттык Нурбек Акканов менен украиналык Павел Стрижак мөрөй талашып, натыйжада кыргызстандык Нурбек Акканов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Украиналык Павел Стрижак күмүш медаль тагынды.

100 кг. салмакта жалалабаттык Чыңгыз Акканов менен өзбекстандык Зохиджан Жумакулов баш байге үчүн талапкер болушуп, мында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Чыңгыз Акканов жеңип, алтын медаль тагынды. Өзбекстандык Зохиджан Жумакулов экинчи орунду камсыз кылды.

Оор салмакта салмакта финалда оштук Закир Алиев менен жалалабаттык Абдумалик Мулажанов беттешип, Абдумалик намыска жарады.

Бел кур күрөшү боюнча алгачкы «Федерациялар парады» аттуу эл аралык мелдешке 14 өлкөнүн 130дан ашуун балбаны катышып жатат.

Бүгүн 5 - декабрда Бишкекте бел кур күрөшү боюнча эл аралык мелдештин эркин ыкмасы боюнча таймашуулары улантылат.

Кыргызстандын бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында быйыл октябрда Орусиянын Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнөнүн алтынчы чемпионаты өткөрүлүп, анда элүүгө жакын мамлекеттердин балбандары катышкан. Уфада Кыргызстандын намысын коргогон Куралбек Ордобаев дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып кайткан. Ошондой эле дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык Чыңгыз Акканов, Исамидин Султанов, Туратбек Тойчубеков, Максат Батырбеков, Айбек Көккөзев жана Алексей Бем күмүш жана коло байге утуп алышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG