Социал-демократтар партиясынын Ташкөмүр шаарындагы штаб кызматчысы Мелис Жусукеевден алынган маалымат боюнча Ташкөмүр шаар мэри “Ак жол” партиясынан башка партияларды үгүттөп иштеген жарандарды коркутуп-үркүтүүгө барууда. “Бюджеттик кызматта иштегендерди “иштен кетесиң” деп коркутуп, иштебегендерди “көчүп кет” деген коркутуулар болуп атат. Мындан тышкары эмитен эле ким кайсы партияга добуш бере тургандыгы тактала баштады”, дейт Мелис Усукеев.
Бул маселе боюнча Ташкөмүр шаарын мэриясы менен байланышканыбызда, мэр ушул тапта шайлоо участкаларынын даярдыктарын көзөмөлдөөгө кеткендигин кабарлап, жалпысынан шаарда мындай маселе жоктугун маалымдашты. (ZKo)