Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

АЛИШЕР САИПОВДУ ЭСКЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ БИР СААТКА ЖЕТПЕЙ ТОКТОТУЛДУ


Белгилүү журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлгөнүнө бүгүн 40 күн болду. Буга байланыштуу өкмөт үйүнүн алдында айрым укук коргоочулар жана маркумдун жакын достору эскерүү иш чарасын өткөрүштү. Бирок милиция чогулгандарды тарап кетүүнү талап кылып, иш чаранын негизги белгиси болгон тамыры кыркылган жаш көчөттү тартып алышты.

Маркум журналист Алишер Саиповду эскерүү иш чарасы тамыры кыркылган жаш көчөткө кара тасмаларды байлоо менен башталды. Уюштуруучулар аны маркум да ушул көчөттөй болуп жаш кезинде жайрап калышы менен байланыштырды. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова жазында маркумдун элесине арнап көчөт отургузулаарын белгиледи:

- Алишер Саиповдун кайтыш болгонуна мына бүгүн 40 күн болду. Бул аралыкта биз ким өлтүргөнүн уга элекпиз. Бул тамыры кыркылган көчөт Алишер да ушул көчөттөй болуп жаш кезинде жайрап калды деген белгибиз, ал тирүү болгондо мөмөлүү дарактай мөмөлөп дегендей, дагы далай макалаларды жазмак. Эми жазында анын элесине арнап жаш көчөт отургузмакчыбыз.

Уюштуруучулар мамлекет башчы Курманбек Бакиев журналисттин өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алганын бийликке дагы бирет эскертип коюуу максатында бул иш-чараны атайын Өкмөт үйүнүн алдына өткөрүүнү чечишкен.

Жалалабаттык журналист, маркумдун пикирлештеринин бири Абдымомун Мамараимов бул иш чараны уюштуруу менен айыпкерлердин табылышын жана жазасын алышын күтүп жатканыбызды билдиребиз дейт:

- Биз маркум кесиптешибиз Алишер Саипов үчүн жасай турган аз гана иштерибиздин бири ушул. Муну менен Алишерди унупастыгыбызды, жана анын өлүмүнө себеп болгон жагдайлар аныкталып, күнөөлүүлөр жазасын алышын күтүп жатканыбызды жана талап кылаарыбызды билдиребиз.

Иш чара башталгандан көп өтпөй аянтта жүрүшкөн милиция кызматкерлери аны токтотууну талап кылышты. Талашып тартышуудан соң милиция кызматкерлери иш чаранын белгиси болгон кара тасмалар байланган көчөттү тартып алышты. Укук коргоочулар болсо мындай мамилени жарандардын укугун басмырлоо катары баалашты.

Бишкек ШИИБинин башчысынын орун басары Таалайбек Дегенбаев журналистерге «Маркумдун кырк күндүгүн үйүндө эскерүү керек, аянт мындай иштер үчүн курулган эмес», - деп билдирип, иш чараны токтотуу талабын чогулгандар газонду тебелеп жатканы менен байланыштырды:

- Бул жер эмне мүрзөбү, каалаган жерине келип байлай бергидей? Мыйзамга таянсак, эмнеге газонду тебелеп басып жүрөсүнөр?

Ошентип маркум журналистти эскерүү иш чарасы жарым сааттай убакытка созулду.

Журналист Алишер Саиповду 24-октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. Буга чейин айрым талдоочулар анын өлүмүн Өзбекстандагы президенттик шайлоого байланыштырып, аны аталган өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын ички иштер министрлиги мындай божомолго макул эместигин билдирген. ИИМдин басма сөз катчсы Бакыт Сейитов буга чейин «Азаттыкка» берген маегинде бул маселени далилдеп, тактамайын айтууга болбостугун белгилеп, бул окуя боюнча ИИМ тарабынан учурунда тиешелүү маалыматтар айтылганын, тергөө бүткөн соң дагы айтылаарын кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG