Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

5-ДЕКАБРЬ – ВОЛОНТЕРЛОРДУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ


5-декабрь – Волонтерлордун эл аралык күнү. Алардын иши дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Жылдан-жылга волонтерлор өз эмгеги менен экономиканын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келет. Волонтер деген ким? Кыргызстанда бул миссияны аркалаган уюмдар кандай иш алып барууда?

Волонтерлор кыймылы 19-кылымда АКШда негизделген жана алардын ишмердүүлүгүн бир катар бейөкмөт уюмдар көзөмөлдөгөн. Волонтерлор өз эмгеги үчүн акы албайт. Алар жол курулушунда, кайрымдуулук багытында эмгектенип, майып жана жетимдерге жардам берет. Айгүл Султанова БУУнун ПРООН программасынын волонтеру. Анын айтымында, Кыргызстанда волонтерлор кыймылы жаңыдан гана бутуна туруп жатат. Бирок ага карабастан, кыймыл өлкөнүн социалдык жана экономикалык тармагында олуттуу роль ойной баштады:

Кыргызстанда волонтерлор чоң роль ойнойт. Анткени биздин экономикабыз жакшы өнүккөн эмес. Андыктан, волонтерлордун салымы бир топ. Волонтерлор акысыз иштеп, өлкөнү экономикалык жана социалдык жактан көтөрүп келет. Волонтерлук кыймыл көбөйүшү керек деп ойлойм. Анткени, биринчиден, бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүргөнгө салымын кошот. Экинчиден болсо, волонтерлордун көбү – жаштар. Ал эми жаштардын көбү жумушсуз. Волонтер болуп эмгектенген жаштардын ой-жүгүртүүсү бир топ жогорулайт.

90-жылдары АКШда волонтерлук иш күч алган. Статистикага кайрыла турган болсок, 1998-жылы Америка калкынын 79 пайызы волонтерлук ишмердүүлүк менен алектенгени маалым болгон. Бул кыймылга билим деңгээли, кесиби жана материалдык абалына карабастан коомдун бардык катмарлары кошула алат. Соңку жылдары Кызыл чырым жана башка бир катар бейөкмөт уюмдар эл аралык деңгээлде волонтерлор менен бирдиктүү иш алып бара баштады. БУУнун ПРООН жаштар программасынын волонтерлору дагы Кыргызстанда түрдүү иш-чараларды уюштуруп келет. Айгүл Султанованын айтымында, кыргызстандык волонтерлордун бир топ пландары бар:

БУУнун ПРООН жаштар программасы эки жумага созулган эл аралык деңгээлдеги “Жизнь без насилия” деген аталыштагы акция өткөрдү. Анда “Ала качуу зордук-зомбулукбу?” деген темада өткөн акциянын алкагында жаштарга бир нече тасмаларды көрсөттүк. Мындан сырткары СПИД темасына арналган акциялар дагы болду. Эми бүгүн болсо, майрамга карата волонтерлор эки бөлүктөн турган жыйын өткөрөбүз. Ага коомдук ишмерлер жана эл аралык уюмдар менен иштеген волонтерлор катышып, “Волонтерлор Кыргызстандын турмушуна кандай таасирин тийгизип жатат?” деген суроонун тегерегинде талкуу уюштурушат. Ал эми экинчи бөлүгүндө, биз концерт уюштурабыз. Андан түшкөн каражатты Ысыккөлдөгү “Дом поколений” карылар үйүнө жана балдар үйүнө тапшырабыз. Келечекте бир топ долбоорлорубуз бар. Алар негизинен коомубуздун социалдык турмушун жакшыртууга багытталган.

Ар бир кыймыл кайсы бир деңгээлде коомдо болуп жаткан процесстерге катышат. Бирок волонтерлор эч бир партия үчүн иштебейт жана өлкөнүн саясий турмушуна аралашпайт. Айгүл Султанованын баамында, волонтерлор саясатка аралашары менен негизги багытынан адашат:

Мен ойлойм, волонтерлор саясатка кийлигишери менен өзүнүн стратегиясынан адашып кетиши мүмкүн. Андыктан волонтерлор эч бир партияга кошулбастан, Кыргызстан үчүн маанилүү тармакта иштеп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошушу керек.

Айгүл Султанованын пикиринде, Кыргызстанда волонтерлор кыймылын өнүктүрүү зарыл. “Жакындарга кол суна билүү керек” дейт жаш волонтер:

Волонтерлук кыймыл азыр гана өнүгө баштады. Менин оюмча ар бирибиз бул кыймылга кошулушубуз керек. Анткени волонтер – бул жанында турган адамга кол сунган адам. Учурда көпчүлүк өз алдынча болуп калбадыбы. Ар бирибиз жардам берип турсак жакшы болмок. Волонтерлор менен иштеген эл аралык уюмдар көбөйүп жатат. Бул мени абдан кубандырат.

Бул күнү салтка ылайык, БУУ өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн чогултуп, коомду өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн волонтерлорго ыраазычылык билдирет. 5-декабрь дүйнөлүк өлкөлөрдүн теңинин көбүндө белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG