Бул тууралуу Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы фонддун жетекчиси Игорь Трофимов “Азаттыкка” билдирди. “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча 2001-жылы 5-декабрда түзүлгөн келишимди узартуу менен кыргыз өкмөтү мыйзам бузууга барды, деп белгилеген И. Трофимов өкмөттү сотко берген. 27-ноябрга белгиленген сот жооп берүүчү тараптын келбегендигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Бул иш Бишкектеги райондор аралык сотто каралууда. (ZKo)