Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

ЖАКЫРЛАР – ГРУЗИЯДА БАШКЫ ПРОБЛЕМА


Грузиянын премьер-министри бул күндөрү Брюсселде жүрөт. “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешип, Ладо Гургенизде өлкөдөгү соңку кездердеги социалдык тирешүүлөрдүн негизги себебин калк арасында жакырлардын көптүгү менен түшүндүрдү. Мындан тышкары ал Тбилиси менен Москванын мамилелерине да токтолуп, Грузиянын территориялык бүтүндүгүн урматтаса, эки өлкөнүн алакалары жакшырарына ишенич билдирди.

Грузин премьеринин Брюсселдеги визити 7-ноябрдагы окуяларга чейин эле пландалган болчу. Ладо Гургенидзе 16-ноябрда - өлкөдө чукул абал режими алынган күнү өкмөт башчылыгына шайланган.

Брюсселдеги сапарынын максатын түшүндүрүп, Гургенидзе Грузияда өткөн айда эмне болгону, алдыдагы эркин жана адилет шайлоодон кийин абал кандай нукка түшөрү, соңку эки айдан берки коомдогу опур-топурларга алып келген социалдык жагдай, демократиялык реформалар тууралуу европалык досторду жана өнөктөштөрдү кең-кесири кабардар кылганы жатканын белгиледи.

Гургенидзе социалдык тирешүү саясатын, массалык демонстрациялар аркылуу бийликтерге кысым жасоо ыкмасын айыптады. Өткөн айдагы окуялардын түпкү себеби катары ал өлкөдө түзүлгөн социалдык оор абалды атады. Калктын чейрек бөлүгүнө жакыны – бир миллиондон ашуун киши жакыр абалда жашайт, жумушсуздар катары камыштай калыңдап кетти. Ушул проблемалар чечилмейинче өлкөдө нааразылыктар басылбай турганын моюнга алып, грузин премьери жаңы өкмөт баарыдан мурда социалдык багытта иштеп жатканын белгиледи.

Ноябрда президент Саакашвилиге каршы башталган митингдер кара кагылышка айланып, оппозициянын жүздөгөн тарапкерлери полициянын колунан жабыркаган эле. Бийликтер муну мамлекетик төңкөрүш жасоо аракети катары баалап, 7-ноябрда өлкөдө өзгөчө абал жарыялаган. Гургенидзе бу чечим тактикалык мааниде алганда туура болгонун, ошол эле учурда аны жүзөгө ашырууда аша чапкан ыкмалар колдонулгандыгын белгиледи.

Ноябрдагы тополоңго россиялык атайын күчтөр шыкакчы болгон деген кептерге байланыштуу грузин премьери өлкө үчүн жакырчылыкты жана жумушсуздукту кыскартуу коомдук коопсуздуктун башкы кепили экенин кайталады. Москва менен болсо жакшы мамиле түзгөнгө Тбилиси даяр, бирок бул үчүн Россия Грузиянын территориялык бүтүндүгүн урматтоого тийиш. Мындан тышкары Грузиянын НАТОго жана Евросоюзга кошулуу мүдөөсүн Россия кабылдашы керек. “Калгандардын баары сүйлөшүү үстөлүндө чечиле турган маселелер”,- деп айтты грузин премьери.

Брюсселде Гургенидзе өткөн айда бийликтер жаап салган “Имеди” телеканалы ушул аптанын этегинде кайрадан иштей баштайт деп ишендирди. Буга катарлаш кечээ Тбилисиде өлкөнүн башкы прокуратурасы да телекомпаниянын опуздалган мүлкүн кайтарып берүү өтүлдүгү менен сотко кайрылды. Сот ишти бүгүн чечиши мүмкүн.

“Имеди” телеканалын иштетпей койгону үчүн грузин бийликтерин Батыш өлкөлөрү текши сынга алышкан эле.

XS
SM
MD
LG