Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:27

10:55 «Ата мекен» партиясы президенттен шайлоонун айкындыгын, мыйзамдуулугун талап кылды


Мындай катты партиянын төрага орун басары Болот Шерниязов президент Курманбек Бакиевдин дарегине жолдоду. Катта көрсөтүлгөнгө караганда, жер-жерлерде «Ата мекен» партиясынын жергиликтүү демилгечилерине бийликти жана анын «Ак жол» партиясын колдогон кылмыштуу топтор тарабынан кол салуулар, коркутуп, үркүтүүлөр болуп жатат. Катта Баткен, Ош, Жалалабад облустарында катталган бир нече факт келтирилген. Саясий өнөктөштөргө кысым көрсөтүүнүн мындай ыплас ыкмаларын мурдагы бийлик да колдонгон эмес деп айтылат катта. (BuS)

XS
SM
MD
LG