Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

14:56 “Эл Добушу” партиясы БШКнын чечимин колдойт


“Биздин партия БШКнын чукул парламенттик шайлоого карата чыгарылган добуш берүү бюллеттендерин жок кылуу жана жаңыларын чыгаруу чечимин колдойт. Себеби мындай абалда кимдир бирөөлөр жасалма бюллетендерди чыгарып, шайлоодо ар түрдүү фальсификациялар орун алмак”, - деп жазылат “Эл добушу” жакында тараткан билдирүүдө. Партия өкүлдөрү Эдил Байсаловдун жасаган ишин “таң калуу менен кабыл алышканын”, анын маалыматты жайылтууга умтулуусу бул жолу “чектен чыгып кеткенин” жана КСДП бюллетендерди чыгарууга кеткен чыгымды кайтарып берүүсү керек деп эсептешээрин жар салышты. Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алып, аны интернеттеги күндөлүгүнө жарыялап жибергендиги үчүн БШК Социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловду шайлоо тизмесинен чыгарып, жаңы шайлоо бюллетендерин чыгаруу үчүн каражатты КСДПдан кайтарып алуу чечимин 4-декбарда чыгарган. (JTo)

XS
SM
MD
LG