Сарыбагыш волостунун тургундарынын арызын териштирген Токмок уездинин начальниги, 1888-жылдын 7-декабрында Жетисуу аскер губернаторуна билдирүү жолдогон. Буга чейин волосттун айрым адамдары жантай манаптарынын кыянатчылыгына нааразылык билдирип, Токмок уездинин начальнигине кайрылышкан. Уезд начальниги кыргыздардын ичара араздашуусу, алардын ортосунда орун алган жаатчылык жана болушту шайлоо өнөктүгүнөн чыккандыктан, арызчылардын доосуна көңүл буруунун кажети жок деген чечим чыгарган.
Шабдан баатыр кыргыз жергесиндеги баалуу кен байлыктарын чалгындоо ишин улантууну өтүнүп, 1900-жылдын 7-декабрында Семипалатинск-Жетисуу округдук тоо өнөржайына кайрылган.
1929-жылы Москва шаарында Вячеслав Лебедевдин «Мамбет жана Кыдырбай» аттуу көркөм чыгармасы жарык көрдү. Орус тилинде жазылган чыгармада, Пишпектин тарыхы кабарланып, окуя нугу Фрунзе шаарына чейин улантылат. «Мамбет жана Кыдырбайдын» образы аркылуу 1916-жылкы көтөрүлүш окуясы баяндалып, кыргыздарга жасалган геноцид ачык сүрөттөлөт.
Пишпек шаар бийлиги 1905-жылдын 7-ноябрында жыйын өткөрүп, анда шаардык полицейскийлердин санын көбөйтүү маселеси каралды. Шаар бийлиги империянын борборунда күч алган революциялык кыймылдан сестенип, анын эпкини Кыргызстанга тийгизбөө аракетин көргөн.
Фергана областтык жумушчу, аскер жана мусулман депутаттардын VI Кеңешинин съезди 1917-жылдын 7-декабрында ишин баштады. Ташкентте өткөрүлгөн жыйынга Ош жана Кызылкыя Советтик биримдиктеринин өкүлдөрү катышкан.
1918-жылдын бу күнү Фергана өрөөнүндө күч алган басмачылык кыймылга каршы күрөш үчүн оперативдик штаб уюшулган.
Тажикстан, Өзбестандан Чүй областына жер которгон этникалык кыргыздар, 2002-жылдын бу күнү Панфилов районунда жыйын өткөрүштү. Жыйында Чүй өрөөнүндө 9 миң чамалуу адам орун алгандыгы жана алардын Кыргызстан граждандыгын алалбай жаткан көйгөйлөрү козголду.
Бу күнү, 1237-жылы монгол ханы Батый орустарды басып кирип, 1678-жылы Луи Хеннепин Ниагара шаркыратмасын ачып, 1732-жылы Лондондо «Ковент-Гарден» театры ачылып, 1941-жылы Япония Перл-Харборго авиациялык чабуул коюп, 1958-жылы СССР жазуучуларынын биринчи уюштуруу съезди өткөрүлүп, 1988-жылы Армениядагы катуу жер титирөөдөн Спитак, Ленинакан, Кировокан шаарлары кыйраган.