Илгар Насибовго милицияга жалаа жапты деген айып тагылууда. Бир ай мурун журналист милиция кызматкерлеринин Нахичеван шаарындагы мыйзам бузуулары тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиевге кат жазган эле. "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеф Гедмин (Jeff Gedmin)журналист Насибовду тез арада бошотууга чакырды.