Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

БЫКЫ-ЧЫКЫ БШКдан БАШТАЛАБЫ?


«Кыргыз туусу», «Жаңы ордо», «Агым» гезиттери «Ак жол» партиясына үндөгөн макалалар менен жарыкка чыкты.

«Аалам» гезити 16-декабрдагы шайлоо жакындаган сайын өлкөдөгү кырдаал 2005-жылдын февраль, март айларындагы абалга окшошуп баратат деп белгилеп, эки жыл мурда баскан-тургандын баары эле жолуккан жерден саясатты сүйлөшүп, «бул бийлик бирди көргөнү калды» деп кыжынып калган. Тарых фарс түрүндө кайталанат демекчи, Кыргызстан дагы бир көтөрүлүштү башынан өткоргөнү калды окшойт, деп жазат «Ат-Башы, Нарын эли көтөрүлөбү?» деген макаласында. Жакшылыкка жамандык менен жооп бермей азыркы бийликтин гана колунан келет. «Замандаш» партиясын болбогон шылтоолор менен чаап салды. Бирок өлкөнүн сыртында иштеген, «Замандаштын» алар үчүн кылган эмгегин баалаган 100 миңдеген мекендештерибиз нааразы болуп жатат. Бөтөнчө Ат-Башы, Нарын эли «Замандашты алып ташташты, эми БШКга ишеним көрсөтпөө жөнүндө кол топтойбуз» деп ызырынып жатат. Акүй болсо Нарындыктар канча жолу Бишкек-Торугарт жолун тособуз деп чыгышкан, бирок тоскон эмес, сүйлөй беришет, колдорунан кокон да келбейт деген имиш. Аны нарындыктар уга элек.

…Айтор учурдагы Бакиев бийлиги кудум Акаев бийлигинин акыркы күндөрүн эске салат. Кайран кошоматчылары президентке туура эмес маалыматтарды жеткирип атып түбүнө жетишти эле. Негедир 2007-жылдын кышы-2005-жылдын жазындай жыттанып туру… дейт.

«Новый Кыргызстан» гезити партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштери жөнүндө сөз кылып, «Ак жол» партиясынын плакаттары шаарлар менен айылдардын көчөлөрүн, зым карагайлардын беттерин бербей чапталып турганын, бир жактуу аналитиктер менен социологдор «Ак жолго» ак жол каалап жатышканын, ал эми партиянын ичиндеги кечээ эле чоң-чоң үстөл кучактап олтургандар эми депутат болгулары келип карапайым калкты аралап чыгууга аргасыз болуп жатышканын, «Ак жолдун» үгүт баракчаларынын орус тилиндегиси жалтыраган ак баракка басылса, кыргыз тилиндегиси жөнөкөй, боз кагазга басылганын баяндайт. Ал эми «Эркин Кыргызстан» шайлоого үгүт баракчаларын араб жана кыргыз тилинде таратып жатканы менен эсте калат болуш керек деген гезит, партиянын бул чакырыгын Ички иштер министрлиги алып таштоо жөнүндө билдирди, партия лидерлеринин бири республикадагы белгилүү дин өкүлү болуп саналат деп маалымдайт.

Башка партиялар сыяктуу эле «Асаба» партиясы да элге жаркын келечекти убада кылууда. Ал эми «Ата Мекен» партиясынын үгүт ишине арналган «Лица» гезитинин өткөндөгү саны 55 миң нускада жарык көрдү. «Ар-намыс» партиясы болсо 1-планга өзүнүн башынан тааныш башчысын алып чыкты. Сүрөттө генерал бир колун чөнтөгүнө салып, бир колу менен «Мыйзам баарына бирдей. Акча үчүн добуш берсең-соодагер депутатка ээ болосуң» деген жазууну көрсөтүп турат, кыскасы Кыргызстанда үгүт иштери кызуу улантылып жаткан чагы деп жазат аталган гезит.

«Заман Кыргызстан» гезити журналист Төлөгөн Козубековдун «Эне тилибизди эмнеге тергейбиз?» деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Анда «Дордой», «Орто сай», «Аламүдүн» базарларына барып сатуучуларга кайрылсаң угаарың жалаң гана орусча жооп угасың, студенттер менен мектеп окуучулары өз ара орус тилинде гана сүйлөшүп калды деп кейиш менен кеп кылат.

«Кыргыз туусу» гезити академик Бектемир Мурзуибраимовдун «Интригадан ишке өтсөк» деген макаласын жарыялады, автор аталган макаласында «Оппозициядагылардын ою боюнча кандай да болбосун бийлик толугу менен алмашылышы керек. Бийлик деген ким? Ал-Парламент, Өкмөт, Сот бийлиги. Президент болсо ушул аталган бийлик бутактарынын бүткүл эл шайлаган гаранты болуп эсептелет. Кыскасы маселенин өзү антип оппозициянын оюндагыдай караманча түркөй коюлушу таптакыр тура эмес деп жазат».

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG