Ушул тапта Бишкекте ВИЧ инфекциясы менен катталгандардын саны жүз жыйырма төрт адам, СПИД менен ооругандардын саны 16га жетет. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Бишкек боюнча алганда Октябрь районунда ВИЧ инфекциясы менен катталгандар 23 адам, Ленин районунда 28, Биринчи май районунда 16адамды тузөт. Кооптуу абал Свердлов районунда түзүлгөн, анткени бул аймакта алардын саны 61 ге жетет. Бул илдет менен ооругандардын 80 пайызга чукулу отуз бешке чейинки жаштар .(AiJu)