Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

15:15 «Сентябрь» телеканалына байланышкан чырды «Ата мекендин» лидерлери тынчытты


«Азаттыктын» аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, «Сентябрдын» телемунарасы жайгашкан жерди сот чечимине ылайык бошотуу аракети ишке ашпай калды. Сот аткаруучулар менен учурда Жалалабадда жүрүшкөн «Ата мекендин» лидерлеринин ортосундагы мыйзам чегиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар тынчышты. 5-декабрда Жалалабаддагы райондор аралык сот «Каралма» айыл өкмөтүнүн жана токой чарбасынын чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Облустук прокуратура «Сентябрь» телеканалынын мунарасы жайгашкан жерди токой чарбасына кайтаруу жөнүндөгү сунушу буга негиз болгон. Телеканалдын тарапкери буга шайлоо учурунда «Ата мекенге» кысым көрсөтүүнүн бир жолу катары карашууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG