Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

9-ДЕКАБРЬ - КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ


Өнүгүп бараткан өлкөлөргө караганда, алдыңкы өнүккөн мамлекеттердеги акчасы аз кишилер паракордуктан көбүрөөк жабыр тартат экен. Эл аралык Транспаренси Интернешнл уюму шаршембиде жарыялаган докладда ушундай тыянак жасалат. 60 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөдөн улам ар башка континенттеги 7 өлкө эң коррупциялашкан мамлекет аталды. Бу жолку изилдөөгө Борбор Азия чөлкөмү камтылган жок.

Коррупция эмнеден башталат? Анын тамыры – адамдардын аң-сезиминдеби, айтор Кыргызстанда, маселен, наристе төрөлсө ооруканага белек-бечкек көтөрүп барышат, мектептин босогосун аттаса, ал жакка ар нерсени ташымай. Жогорку окуу жайы, армия, жакшы ишке орношуу канчалык каражат, убаракерчилик талап кылаарын айтпай эле коелу – ушунун баары кадимки улуттук салтка айланган сыяктуу. Өкмөттөгүлөр андай көрүнүштөргө көз жуумп, чиновниктерди байытуу булагы соолумак тургай, кайра ташкындап турган кез. Бу жолку изилдөөгө кирбей калса да, Борбор Азия чөлкөмү коррупциянын деңгээли жагынан дүйнөдө алдыңкы саптардын бирин ээлерин Транспаренси Интернешнл уюмунун өкүлү Миклос Маршалл “Азаттыкка” билдирди.

Менимче, Тажикстандан Кыргызстанга, Түркмөнстандан Өзбекстанга чейин Борбор Азия негизи дүйнөдөгү эң коррупциялашкан чөлкөмдөрдүн бири саналганы өкүнүчтүү жаңылык. Булардын ичинен быйыл Өзбекстан эң начар баа алды.

Транспаренси Интернешнл уюмунун шаршембиде жарыяланган изилдөөсү параны байларга караганда кедейлер көбүрөөк берээрин айгинелеген. Африка, Тынч океан алабындагы Азия өлкөлөрү, Европа, Латын Америка, Чыгыш Европадагы 60 өлкөдө 64 миңдей кишини сурамжылап топтогон изилдөөнүн натыйжасында эл аралык уюм эң коррупциялашкан өлкөлөр катары Албания, Камбоджа, Камерун, Македония, Косово, Нигерия, Пакистан, Филиппин, Румыния жана Сенегал атады. Бул өлкөлөрдө суралгандардын 30%ы кеминде бир ирет кимдир-бирөөгө пара бергенин моюндашкан. Литва, Молдова, Сербия, Украинадагы сурамжылоого катышкандардын 17-29%ы, Чехия, Орусия, Түркияда андан бир аз азыраак, 16%га чейини кимдир-бирөөнү паралап иш бүтүргөнүн айтышкан. Пара бергендердин эң аз катмары Финляндия, Британия менен Америкада катталган.

Мурдагы-Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө мурдагы изилдөөлөргө салыштырмалуу коррупциянын деңгээли азайган жокпу? – деген сурообузга Маршалл мырза терс жооп узатты:

Негизинен эч кандай жылыш жок экени кайгылуу тыянак. Мунун себеби көп, алардын бири - Орусиянын таасири күчтүү жерлерде реформалар жүргүзүүгө саясий эрк жетишпейт. Тескерисинче, Европа Биримдигинин таасири күчтүү чөлкөмдөрдө коррупциянын деңгээли төмөнүрөөк.

Транспаренси Интернешнл уюму соңку изилдөөсүнө таянып, Европа, Латын Америкада коррупция көбүнэсе сот, полиция тармагын чырмаса, Орусия, Молдова, Украинада булардан башка билим берүү, медицина тармагында паракордук кеңири жайылганы катардагы адамдардын жашоосун кыйындатаары баяндалат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG