Бул тууралуу Биримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана Брюсселде тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин билдирди. Евробиримдик, Орусия жана АКШлык ортомчулар 10-декабрга чейин белгиленген 4 ай ичинде Сербия менен косоволук албандар ортосунда Косовонун болочок статусу тууралуу мунаса таптыра алган жок. Косово көз карандысыздыкты талап кылып, Сербия андан баш тартууда.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Косовонун болочок статусу боюнча бир пикирге келүүгө жакындап калды