Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

ЭШИМКАНОВ ДА УУЛАНДЫБЫ?


«Агым» гезити УТРК баш деректиринин милдетин аткарып жаткан М.Эшимканов өткөн 7-декабрь күнү телевидение күнүнө карата иш-чарага даярдык көрүп жатып күтпөгөн жерден жыгылып калганын, алгачкы медициналык жардамды ага анын үйбүлөлүк дарыгери А.Бейшеналиев көрсөткөнүн, Мелистин ден соолугунун кескин начарлап кетишин ушу тапта бирөөлөр ууландырды десе, бирөөлөр кыргызча окутуп салды деп айтып жатышканын белгилеп, оорулуунун абалын дарыгер А.Бейшеналиевден сураганда ал, текшерүүдө инфарктын изи байкалбаганын, президенттик админстрациянын башкы врачы Марат Сагынбаев: «Президент өзү табыштаган, реанимацияга алып барабыз» деген эле, бирок ал жактан орун даярдап атканыбызда Мелиc өзү кайрылып жүргөн жеке менчик ооруканага барууну чечти. Канында канттын деңгээли жогорулап кеткен. Мелис ошол күнү кызматтан өзү алып салган жетекчинин студиясына барып жолугушуу өткөрүп, кыздар апкелген кофени ичкен. Ошондон көп өтпөй башы айланып, өзүн жоготуп койгон. Эки версия бар: 1-си көп убакыттан бери уйку көрбөй, иш деп жүрүп аябай чарчаганын организм көтөралбай калган, 2-си кофеге кандайдыр шектүү зат кошулган деп айтканын шардана кылган гезит ооруканада дарыланып жаткан М.Эшимкановдун өзүнөн кабар алган. Мелис мырза, ага ушу тапта ар кандай сөздөр жаап жатканын, бирок уу берген күндө да эч нерседен коркпостугун, ден соолугун чыңап алып баштаган ишинин аягына чыгарын, диктатор аташса да УТРКга катуу тартип орноторун, күн сайын ахыбалын сурап турган президент К.Бакиевге ыраазылык билдирерин, ошол эле убакта бир кездеги оппозициядагы достору телефон чалганга жарабаганын, ал эми кыргызча дуба окуп салды, кабинетке тумар тагып кетти дегендерге ишенбестигин айтып жооп берген.

Гезит ошондой эле «Ак жол» партиясынын тизмесин баштап бараткан Ч.Баекова менен интервью жарыялады. Чолпон айым президент ага кайрылып, 40 жылдан бери жогорку жооптуу кызматтарда ак, так иштеп келатасыз, тазалыкты бек тутасыз, партиянын тизмесин баштап бериңиз дегенинен кийин макул болгонун айткан.

Бир топ жылдар мурда шайлоочулардын тизмеси үй-үйлөргө кирип такталып, анан тизмеленчү эле. Кайсы үйдө кимдер жашап турарын тактоо деле анчалык кыйынчылыкты туудурчу эмес. Азыркы жаңы системага ылайык үйлөрдө кимдер жашап турарын алфавит боюнча текшерүү оордукту гана пайда кылбастан адамдардын так эсебин алууга да мүмкүндүк бербейт экен. Анын үстүнө шаар үйлөрүнө катталып алып, бирок иш жүзүндө жашабай жүргөн «квартиранттар» толтура, алардын аты үй китептеринде болгон менен өзүлөрү эбак жок. Маселен өткөн референдумда Бишкектеги Октябрь районунун бир участогунда ырасмий тизме боюнча-12836 киши болсо, өзүбүз текшерип чыккандан кийин- 11584 гана киши чындап жашары айкын болду. Ошондо 1252 киши асмандан алынып кошулган. Бир эле райондо 8 шайлоо участогу бар, ар бир участоктон мына ушул өңдүү тирүү шайлоочу эмес, «өлүк шайлоочулар» кошула берсе 16-декабрда кандай болот? Мына ушундай суроо менен кайрылган бишкектик В.Ветрованын суроосуна «МСНдин» бүгүнкү санында БШК мүчөсү Б.Малабаевдин жообу басылды.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казына 2 жарым миллиард сом менен толукталганын, акыркы 10-15 жылда мындай көрүнүш болуп көрбөгөнүн президент К.Бакиев Ош облус ооруканасында сүйлөп жатып айтты деп белгелеген «Белый пароход» гезити, чын эле кубанганыңдан өлгүң келет, чынында акыркы 10-15 жылдан бери мындай президент да боло элек болучу. Кыргызстан бүгүн Жерди көздөй учуп келаткан парашютсуз парашютистти элестетет. Шайлоо алдында укмуштай убдалар берилүүдө. Ал эми ошол 16сынан кийин убадалар аткарылабы? Кайрадан кымбатчылык баспайбы? Ошол эле учурда Бишкекетин көрүстөндөрүндө өлгөн адамдардын сөөгүн кое турган жер жазга чейин гана жетет деп ММКлар жазып, айтып жатышат. Бардыгы алганга, жулганга чуркашууда. Биз да сөөгүбүздү койгонго жер алып койбойлубу деп жазат аталган гезит.

«Кыргыз туусунун» бүгүнкү санында анын атайын тиркемеси «Айыл ажары» жарык көрдү. Атбашылык ардагер Абдырасул Таштанов районго караштуу Аксай, Арпа жайлоолорунан илгери Ак-Талаа жана Нарын райондору үчүн 50 жыл мөөнөткө ички жайыттар пайдаланууга берилгенин, азыркы күндө райондо кайрадан менчик мал көбөйүп, жайыт жетпей баратканын, ошондуктан аталган райондор Атбашыга караштуу жайыттарды кайтарып берүүсү керектигин козгосо, жумгалдык ардагер, жазуучу Канболот Бердикеев Жумгал району боюнча 2189 киши иши жок деген каттоодо турса, анын 996сы кыз-келиндер, 26сы жогорку билимдүүлөр экенин мисалга тартып, буларга пособие да берилбестигин, ошол эле учурда 80 деги чал-кемпирлер райакимчиликте иштеген кызматкер катары айлык алып турушарын, аларга 80деги Н.Узагалиев, райакимдин «жанжигити» К.Сандыбаев, анын 80ге таяган кемпири Э.Акматжанова, раймузейдин орунбасары 80ге келген Ш.Исабекова кошуларын, алардын бала-чакалары, туугандарынын айрымдары жакшы кызматтарда ишешерин, ошого карабай «дүжүр чалдар» менен «дүжүр кемпирлер» пенсияларынан тышкары райондун кызматкерлери катары өкмөт казынасынан жакшынакай маяна жеп, жарыкты бекер жагып, путевканы бекер алып, ооруса бекер дарыланып жашап келатышканын, ошол эле учурда жумгалдык жогорку билимдүү жаштар иш таппай сандалып жүрүшкөнүн баяндады «Чындыктын чычалатарын билем» деген макаласында.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG