Бул туурасында “Ата мекен” партиясынын Ноокат райондук штабынын башчысы Набижан Каримбердиев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, 3 белгисиз жигит В46 04N номерлүү “Мерседес” машинасында келип, штабда жүрүшкөн 3 адамды сабап, "штабды жаппасаңар, бүгүн үйүңөрдү өрттөйбүз" деп коркутуп кетишкен. Натыйжада үчөө тең кабыргасы сынып, оор акыбалда жараат алышкан. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бул жорукту чектен чыккан наадандык катары айыптап, жергиликтүү укук коргоо органдарынын аракетсиздигин кескин сындады. (АТо)
17:30 Ноокат районунда “Ата мекен” партиясынын штабына кол салып, 3 адамды токмоктоп кетишти