Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

“КОШОЙ-КОРГОН-2007” ЭЛ АРАЛЫК СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ


Кабыл Макеш,Бишкек 11-декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылды.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылган «Кошой-коргон 2007» эл аралык көргөзмөгө Улуу Британия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын отузга жакын таанымал сүрөтчүнүн 250 дөй эмгеги коюлган.

Алардын катарында англиялык фотосүрөтчү Карл Фейтхаймдын, орусиялык белгилүү айкелчи Даши Намдаковдун, казакстандык Зейналган Мухаметов,Сержант Баширов, Мелдехан Касымбек, Динара Нугер, кыргыз эл сүрөтчүлөрү Таалай Курманов, Юристанбек Шыгаев жана башкалардын эмгектери коюлган.

Көргөзмөнү уюштургандардын бири Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында, көргөзмөнүн максаты Атбашыдагы Кошой Коргон тарыхый эстелигин жана кыргыз жеринин кооздугун чет элдиктерге, туристтерге таанытуу.

Быйыл жайында “Дордой” ассоциациясынын демилгеси менен улуу британиялык, орусиялык, казакстандык жана кыргызстандык отузга жакын сүрөтчү Нарын, Атбашы аймагында бир жума чыгармачылык сапарда болушкан.

Алар Кошой Коргондо, Ташрабатта, Салкынтөр, Босого жайлоолорунда болушуп, сүрөт тартып келишкен.

«Ошол бир жумалык сапар чыгармачылыгыма унутулгус учур, чоң казына болуп берди», - дейт сүрөтчү Сапарбай Осмоналиев.

Өлкөнүн сүрөтчүлөр кошуунуунун төрагасы, Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалай Курманов «Кошой Коргонго жасаган чыгармачылык сапары учурунда өчүргүчү жок таамай тартууга үйрөнүп келдим», - дейт.

Жаш сүрөтчү Айып Алакунов Кошой-Коргонду сүрдүү кылып тарткан. Анын эмгегине көз салган адам бул эстеликти тарыхтагыдай таамай тарткан. Кара көк асмандын фонунда Кошой Коргонго азыр эле душмандар чабуул койчудай болуп тартылган.

Кыргыз эл артиси, белгилүү манасчы Урмаш Мамбеталиев сүрөтчүлөр кыргыз элинин тарыхый эстеликтерин, кооз жерлеринин элесин түбөлүккө калтырышты” деген пикирде.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында мындай чыгармачыл инсандардын сапары Улуу жибек жолу менен улантылып, келээрки жылы Кытай жергесине барып, сүрөт тартып келишмекчи.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылган «Кошой- коргон 2007» эл аралык көргөзмө 28-декабрга чейин созулат.
XS
SM
MD
LG