Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

16:00 Алмаз Атамбаев: СДПК райондор аралык сот чечими боюнча эл аралык сотторго чейин кайрылабыз


Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев «АКИпресс» агенттигинин суроолоруна факс аркылуу берген жоопторунда ушинтип билдирди. Атамбаев ошондой эле Эдил Байсалов добуш берүүдөгү ыктымал мыйзам бузууларды алдын алуунун аракетин жасаган жана анын ишинде эч кандай мыйзам бузуу жок деп билдирди. Ал эми СДПнын мойнуна салынган 20 миллион сомду төгүндөө үчүн бардык сот баскычтарына, эл аралык сотторго чейин кайрылабыз деди Атамбаев. Анын айтымында, премьерлик кызматтан кеткенден кийин партиянын уюштуруу иштерине күн сайын катышып жатат. Мындан аркы кызматына байланыштуу суроого жооп берип жатып Атамбаев президент конкреттүү кызмат сунуштай электигин, өзү болсо чет өлкөдө жылуу орунда отургандан көрө өлкө ичинде иштөөнү артык көрөрүн билдирген. Бул Атамбаевдин бюллетень чатагынан кийинки алгачкы билдирүүсү болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG