Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

"АЗАТТЫКТЫН" АРХИВИНЕН: УЛУУ ЖАЗУУЧУ МЕНЕН МАЕК


Бул интервью улуу жазуучунун акыркы маектеринин бири. Аны былтыр жыл этегинде Ч.Айтматов туулган күнү - 12-декабрда берген эле. "Азаттык" жазуучуну 79 жашы менен биринчи болуп куттуктап, ушул маекти алган, ошол интервью сиздердин назарда.

Атактуу кыргыз жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов бүгүн 79 жашка толду. Бүгүнкү туулган күнүндө Чыңгыз Айтматов “Азаттыкка” атайын интервью берип, жаңы жылдан кийин элчилик кызматты өткөрүп, Кыргызстанга келерин, мындан ары дагы чыгармачылык менен алектенерин билдирди.

- Чыңгыз агай, биринчиден бүгүнкү туулган күнүңүз кут болсун. Сизге “Азаттык” үналгысынын атынан, анын миңдеген угармандарынын атынан ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

- Бизде Европада азыр саат сегиз болду. Биринчи өзүңөр кайрылып, бүгүнкү күндү белгилеп жатканыңарга ырахмат. Мен“Азаттыкты” илгертен, жаш кезимен бери тыңшап, угуп жүргөн кишилердин биримин.

- Өмүрдүн ушул сересине келгенден кийин сизде азыр кандай ойлор болуп жатат? Эмнеге жетиштим, эмнеге жетише элекмин деп ойлойсуз?

- Жетише элек максаттар толуп жатат. Адамдын өмүрүндө, турмуштук көз карашында, албетте, умтулуш эң негизги күч. Дагы бир нерсени жазып чыксам, дагы бир нерсени айтып калсам, убактым болсо деген үмүттөмүн. Андыктан дагы жаза турган ойлорум бар. Жаңы жылда мен ушул кызматтарды жыйнаштырып, рахматымды айтып, биротоло ден- соолукту жана чыгармачылык ишти ойлосомбу деген максаттамын.

- Элчилик кызматты өткөрүп бергенден кийин Кыргызстанга келип жашайын деген оюңуз барбы?

- Албетте. Мен өзүбүздүн Кыргызстан, жаныбыздагы Казакстан менен байланыштамын. Алматы азыр абдан гүлдөп, руханий жактан дагы күчөп турган кези. Анан Москва, ал дүйнөлүк ордо эмеспи. Өзүбүздүн эл журтубузга Ысыккөлгө аракет кылып жатабыз. Бир жаңы инвестор таап, көл жээкке маданий борбор куруш керек. Ага бир топ каражат керек болуп жатат. Азыркы архитектурага жооп бере турган, көлдүн жээгине жараша турган бир чоң курулуш болуш керек. Мен аны өзүм үчүн куруп жаткан жерим жок. Мага жетет жашай турган жерлер. Келечек үчүн, балдар үчүн, муундар үчүн куруш керек.

- Чыңгыз агай, ушул тапта кайсы бир чыгарманын үстүндө иштеп жатасызбы?

- Азыр ойлорум бар. Бирок, бир жагы ден соолукту чыңдоо максатында доктурга көрүнүп жатам. Экинчи жагы коомдук иштер күчөп жатат. Эки ай сыртта болдум. Башталышы Түркиядан башталды. Элазык деген чоң шаар бар экен. Жетекчилери, эли маданиятка, адабиятка өзгөчө көңүл бурушат экен. Атайын чакырышып ошол жерден көчөдөн марш, митинг жасашат экен. Ошол жерде жаңы парк ачып жатышыптыр. Ал паркты менин атымдан жасашты. Москвада бир топ жыйындар болду орус тилине, орус маданиятына арналган. Биздин байланышыбызга орус тилинин таасири канчалык болду, маданиятынын таасири канчалык болду дүйнөлүк масштабда деген сыяктуу.

- Чоң таанымал, мыкты, залкар жазуучу катары чыгарма жазууга сизге эмне түрткү берет?

- Муну бир-эки ооз сөз менен түшүндүрүш кыйын. Бул ички маселе, ички руханий умтулуш. Муну айтпасам, ушуну жазбасам, ушуну окурмандарыма жеткирбесем анда арманда калам деген сезимдемин. Бул турмуштун, жашоонун негизги максаты катарында көрүлөт. Бирөөлөр ойлойт бир нерсени курсамбы, бир нерсени жасасам, бир нерсенин сүрөтүн тартсам дейт. А меники болсо жаңы чыгарма жазыш.

Азыркы “Тоолор кулаганда” деген роман кудайга шүгүр абдан кеңири чыкты. Өзгөчө Европада окурмандардын арасында жакшы жайылып жатат. Германиянын өзүндө тогуз шаарда презентация болду. Швейцарияда алты шаарда болду. Презентацияга жүздөгөн, миңдеген кишилер келип жатат.

- Сиз элчилик кызматты аркалап келе жатасыз да. Азыркы саясатка кандай мамиледе болуп жатасыз? Шайлоо келе жатат.

- Саясатсыз турмуш жок да. Коомчулуктун, көпчүлүктүн, элдин мамлекеттин турмушу саясатка байланыштуу. Жакшылыкка алып келе турган саясаттарды ойлош керек.

- Бүгүнкү Кыргызстандын ахыбалына кандай баа бересиз?

- Менимче изденүү, чоң аракет болуп жатат. Ошол аракеттин жемишине жетишсек жакшы болор эле. Аракет бар, албетте.

- Элчилик кызматты сиз өз эркиңиз менен өткөрүп берейин деп жатасызбы же сизге сунуштар болдубу?

- Жок. Өз эрким менен. Он үч жыл иштедим.

- Сиз жазган чыгармаларыңыздын ичинен өзүңүздүн көңүлүңүзгө аябай жаккан чыгарма же максатына көп жетпей калгандары болду деген сезимдер барбы?

- Ар бир замандын өлчөмү бар да. Мисалы, азыркы убакта жаза турган болсом башкача көз караш, башкача дүйнө түшүнүгүм бар деп ойлойм. Мурда ал өзүнүн заманына жараша болгон.. Гулсарыны жазган убак, Танабайларды жазган убак ал бир башка. “Тоолор кулаганда” деген романымда азыркы глобалдашуу деп жатпайбызбы, бүт дүйнөнү, ааламды каптаган процесс, глобализация менен жекече адамдын өмүрү, тагдыры кандайча байланышы бар, кандайча таасири бар, ошону айтууга аракеттенгем. Глобализация азыр менин түшүнүгүмдө базар экономика кызматын көрсөтүп, бир жагынан каптады. Ошонун арасында адамзаттын турмушу, тагдыры, келечеги кандай деген умтулуш болгон.

-Кыргыз киносу жөнүндө кандай пикирдесиз? Кийинки кезде жакшы аракеттер жасалып жаткандай болуп жатат.

- Кинотасма дегенди азыр ар бир улуттун маданиятынын эң көрүнүктүү жагдайы деп түшүнүш керек. Киносу жок азыркы убакта маданият, искусство болушу мүмкүн эмес. Андыктан баардык аракеттерди жасап жатабыз. Биздин кино тармагында иштегендердин да аракети бар. Бирок кинонун бир олуттуу жери - каражат маселеси. Ошол каражат маселесин карап жатабыз.

- Сизге чоң ырахмат, “Азаттыкка” маек куруп бергениңизге.

- Силерге да ырахмат. “Азаттыкты” кайра куруу заманында күнүгө угуп турбасак болчу эмес эле. Азыр “Азаттыктын” жаңы милдети болот деп ойлойм. Демократия бир жолу эле курулуп, бир жолу эле жетилип калбайт. Сөзсүз демократия агымда болуш керек, дайым жалгаштырып туруш үчүн. “Азаттыктын” да кызматы ошого жумшалсын.

- Дагы бир жолу ырахмат Сизге.

Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек
XS
SM
MD
LG