Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

12:20 Өмүрбек Бабанов «24 kg» агенттигин сотко берет

Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында Социал-демократтар партиясынын шайлоо тизмесинин башында турган Өмүрбек Бабанов билдирди. «24 kg» агенттиги Бабанов Казакстандын жараны экендигин тастыктаган маалыматтар бар деп жарыялаган. Бабановдун билдиргенине караганда, ал 1995-1998-жылдары Жамбыл облусунун Тараз шаарында иштеп, ушул мезгил аралыгында ишине байланыштуу Казакстандын паспортун алган. Бирок Бабанов 1998-жылы ал паспортту өткөрүп, Кыргызстандын паспортун алган жана бул маалымат 2005-жылкы парламенттик шайлоодо атаандаштарынын доосу боюнча соттошууда такталган. (BuS)
XS
SM
MD
LG