Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН РЕЖИМДЕ ИШТӨӨДӨ


1-декабрдан бери парламенттик шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти камсыз кылыш максатында милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Ал эми айрым партиялардын өкүлдөрүнүн пикиринде милиция коомдук тартипти сактоонун ордуна үгүт иштерине жолтоо болуп, МАИ кызматкерлери укугунан ашкере пайдаланууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнө карата ички иштер кызматкерлери 1- декабрдан бери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Ал эми 16-декабрда шайлоо күнү коомдук тартипти бекем сактоо жана шайлоо участокторунан бюллетендерин аймактык шайлоо комиссиясына коштоп баруу үчүн казармалык режимге өтүшөөрүн Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо башкармасынын жетекчиси Талантбек Исаев “Азаттыкка” маалымдады.

-Шайлоо күнү милиция кызматкерлерин шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жибергенде, кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан өлкөнүн бардык облустарында милиция казармалык режимде иштемекчи. Ар бир шайлоо участкасында тартип сакталыш керек да. Ошондой эле коомчулуктун жардамы менен коомдук тартипти сакташыбыз керек. Шайлоого даярдык мезгилинде тартип бузуулар азайсын үчүн чоң-чоң операцияларды жүргүзүп жатабыз. «Издөө», «Тартип», «Укук» деген операцияларды катар-катар өткөздүк. Шайлоо жакындап калганда ар кандай кылмыштар болбосун деп күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз.

Өлкөдө канча милиция кызматкери бар экендиги мамлекеттик сыр катары ачык айтылбайт. Бирок, парламенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо максатында өлкө боюнча 6 миңден ашуун ички иштер кызматкери көзөмөлгө алышаары анык.

Ички иштер министрлиги шайлоо өнөктүгү убагында кылмыштуулукту азайтуу үчүн катуу режимде иштеп, түрдүү рейддерди уюштуруп, паспорттук текшерүүлөрдү да жүргүзүп жатышат.

“Туран” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Тайырбек Сарпашев болсо тартип коргоо органдарын шайлоо убагында калыстыкка чакырып, шайлоо бүткөндөн кийин дагы өлкөдө бейкуттук жана тартип болушу керек дейт:

- Милиция бийликтин камчысын чаппай, калыс иштесе эле чыр-чатак күчөбөйт. Чыр-чатактарды тартип коргоо органдары кээде өздөрү калыстык кылбай күчөтүп жиберет.

“Ата мекен” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Темир Сариев МАИ кызматкерлери үгүт иштерине тоскоол болуп, автоунааларга орнотулган үн күчөткүч аппараттарды иштетпей, алар шайлоо кодексин одоно бузуп жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчиси Леонид Поляк автоунааларга үн күчөткүч аппараттарды орнотуп, үгүт иштерине пайдалануу үчүн МАИ кызматы менен мурда макулдашып, автоунаалар техникалык кароодон өтүп, айдоочусу атайын экзменден өтүп, үгүттөө багыттарын аныктап уруксаатын алуу зарылдыгын айтып, түшүндүрдү.

МАИ жетекчисинин айтымында учурда парламенттик шайлоого катышып жаткан бир дагы саясый партияга үн күчөткүчтөр менен үгүттөөгө расмий уруксаат берилген эмес.

“Эгерде өз алдынча үн күчөткүчтөрдү орнотуп үгүт иштерин жүргүзгөн автоунаалар убактылуу камакка алынып, айып төлөп, чара көрүлөт”- деп эскертти Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчиси Леонид Поляк .

Антип МАИ кызматы өкмөттүн токтомуна таянып атса, Баш прокуратура Шайлоо кодексинде үгүт иш-аракеттеринде үн күчөткүчтөрдү колдоонууга чектөө коюлбаганын ырасмий билдирди.

Ошол эле маалда МАИ жана күч органдары оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнүн машинасын кармоону улантып жатат. Акыркы мисал, 12-декабрдан 13-декабрга оогон түнү «Ата мекен» партиясынын автоунаасы эч себепсиз камакка алынып, кечээ 13- декабрда чыгарылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG