Бул тууралуу бүгүн БШКнын селектордук жыйынында айтылды. Анда парламенттик шайлоодо 56 аймактык, 44 райондук жана 12 шаардык шайлоо комиссияларына 18 саясий партиядан 143 өкүл киргизилгендиги, шайлоодо добуш берүү 2 274 шайлоо участогунда жүргүзүлөрү белгиленди. Шайлоо участкаларына добуш берүүгө атайын үкөктөр, техникалык жабдыктар жеткирилип, керектүү документтер менен толук камсыздалып, шайлоого даяр болгондугу маалымдалды. Жыйынга 7 облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялырынын төрагалары, президенттин администрациясынан, өкмөттөн өкүлдөр, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, коопсуздук комитетинин башчысы Мурат Суталинов, айрым министрлик жана мекемелердин жетекчилери катышты. (AJ)